Текебаевдин тергөөсү дагы уланса, «Ата-Мекенчилер» чара көрөбүз дейт

Жогорку Кеңештин депутаты, Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча тергөө дагы уланышы мүмкүн. Текебаевдин адвокаты Искен Афиджановдун айтымында, ал УКМКнын СИЗОсунда сот чечими чыкканча 25­апрелге чейин кармалат. «Ушул убакыт аралыгында иликтөө иши аяктап, материалдар сотко өткөрүлүп берилиши керек. Эгер, иликтөө иштери улана турган болсо, биз да чара колдонобуз»­ деп билдирди юрист.

Текебаев учурда, коррупция жана алдамчылык менен шектелип иликтөө ишинин жыйынтыгын күтүп камакта.

Чагылган.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу