ТЕКЕБАЕВДИН ТАРАПТАШТАРЫ ТОПТОГОН КОЛ ТАМГАЛАР ЖАРАКСЫЗ ДЕП ТАБЫЛДЫ

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 17-августта Өмүрбек Текебаевге топтолгон кол тамгаларды жараксыз деп тапты. Тиешелүү чечим БШКнын жыйынында кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, кол топтоодогу каржылоо шайлоо фондунан болбогондуктан чогултулган кол тамгалар жараксыз деп табылган.

БШКдан билдиришкендей, президенттикке талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан бул маселе боюнча түшүндүрүү берүү тууралуу тиешелүү кат жолдонгон, бирок эч кандай жооп алынган эмес.

Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары 38 миң 642 колун топтошкон болчу.

Мыйзамга ылайык, талапкер 30 миңден ашуун кол топтоосу зарыл.

Эске сала кетсек, кечээ Биринчи май райондук соту Текебаевди 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу