ТЕКЕБАЕВДИН СОТУНДА ЭКИ КҮБӨНҮН СӨЗҮ ЭКИ БАШКА ЧЫГУУДА

Бүгүн, 28-июнда Биринчи май райондук сотунда күбө Руслан Оңолбеков көрсөтмө берүүдө. Ал Алексей Модиндин кол алдында иштеген жана каза болуп калган Танат Мамамткерим уулунун классташы болгон.

Руслан Оңолбеков Модин “Мегакомдун” жетекчиси болорун айтканын билдирди. Бирок Модин буга чейинки көрсөтмөсүндө “Мегакомдун” жетекчиси болуу оюнда жок болгонун билдирген эле.

Ошондой эле Оңолбеков 1 миллион доллар тууралуу Маматкерим уулунан укпаганын, бул акчалар боюнча маалыматты Өмүрбек Абдрахмановдун сөзүнөн улам билгенин айтты.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Дүйшөнкул Чотонов дагы “коррупция” беренеси боюнча айыпталууда.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу