“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда экс-президент Роза Отунбаева көрсөтмө берүүдө. Ал бул жерге саясий ишке келгенин билдирди. Отунбаева убактылуу өкмөт тууралуу маалыматтарды берип өттү.
Саясий ишке келдим дегенине мамлекеттик айыптоочулар чычалап, залда ызы-чуу чыгып кетти.
Өмүрбек Текебаев болсо: “Саясий иш эмес экенин далилдеп койдуңарбы?”-деди прокурорлорго кайрылып.
“Альфателекомго келсек 1 кишинин каалоосу менен эч качан чечим кабыл алынбайт болчу”,-деди ал.
Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Булак: Каганат