ТЕКЕБАЕВДИН СОТУНДА КҮБӨ БОЛГОН БАЗАРКУЛОВДУН ЭСИНЕ ЖАРА ЧЫКТЫБЫ?

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук отурумунда “Мегаком” компаниясынын жетекчиси Азат Базаркулов көрсөтмө берүүдө. Ал 2010-жылы “Альфа Телеком” ЖАКсынын тышкы башкаруучусу болгон.

Базаркуловдун айтымында, ал 2010-жылы «Пэнвел Групп» орусиялык компаниясы Мегакомдун контролдук пакет акцияларын сатып алууга кызыкдар болчу. Ал Талантбек Маматкеримов менен жолукканда ал Дүйшөнкул Чотоновдун тууганы экенин айткан.

“Ким сатып алууну каалаганын Маматкеримов айткан эмес. Миллион тууралуу мен 2011-жылы Өмүрбек Абдырахмановдун маегинен улам билдим. Алексей Модин менен июлда же августта жолуккам, так күнүн унутуп жатам”,-деди Базаркулов.

Текебаев бул учурда Модин Москвада болгонун белгиледи.

“7 жыл мурун эмне болгонун айта аласызбы? Мен адашып жатам. 2010-жылдын жайында же күзүндө болгон. Күндүз жолуккам, бирок так күнүн, саатын эстей албайм”,-деди Базаркулов.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу