ТЕКЕБАЕВДИН СОТУНДА КҮБӨ АБДРАХМАНОВДУН КАЛПЫ ЧЫКТЫ

Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаевдин соту өтүүдө. Анда мамлекеттик айыптоочулар тарабынан негизги күбөлөр көрсөтмө берүүдө.

Бийликтин Текебаевди камап, президенттик шайлоодон четтетүү планы ишке ашпай калды көрүнөт. Дегенибиз күбөлөр көрсөтмө берип баштагандан тартып эле ар биринин көрсөтмөсү ар башка чыгып, бул атайы пландалган иш экени ачыкталып калды.

Сөзүбүз куру болбошу үчүн бүгүн, 28-июнда күбө Өмүрбек Абдырахмановдун көрсөтмөлөрүн мисал катары жаза кетсек.

Жактоочу Марат Эшперов күбө Абдрахмановго суроо берип, анын калпын чыгарды. Эшперовдун суроосуна жооп берип жатып Абдрахманов Модинди тергөө учурунда тааныгандыгын айтып, протоколго кол койгондугун билдирди. Бирок жактоочу бул убакта Модин Абдрахмановдун жанында эмес, Чотонов менен беттештирүү процессинде болгондугун айтты. Күбө буга эч кандай жооп бере алган жок.

Ошондой эле Абдрахманов тергөө учурунда 2010-жылы январь, айларында Текебаевдин кабинетинде орус бизнесмендери менен жолуктум деп жазганын мойнуна алды.

“Кийин ойлонуп көрсөм, ошондо мен Америкада жашачу экем. Анан көрсөтмөмдү оңдодум. Кийин эстедим декабрда жолукканымды”,-деди Абдрахманов.

Ошондой эле ал Текебаевдин суроолоруна так жооп бере албай, мүмкүн, балким, эсимде жок, мен баардык окуяларды топтоп жүрбөйм деген жооп узатып жатты.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Дүйшөнкул Чотонов дагы “коррупция” беренеси боюнча айыпталууда.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу