ТЕКЕБАЕВДИН СОТУНДА АТАМБАЕВ КҮБӨ КАТАРЫ ЧАКЫРЫЛДЫ

Бүгүн, 5-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда  Өмүрбек Текебаевдин иши каралды.

Соттун жүрүшүндө  Текебаевдин жактоочулары президент Алмазбек Атамбаевди сот жыйынына кошумча күбө катары чакырууга өтүнүч келтиришти.

Өмүрбек Текебаев адвокаттардын сунушун колдой турганын билдирип: “Атамбаев да Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. Экономика тармагын жетектеген, айрым маселелер боюнча анын пикирин угуу маанилүү”, – деди.

Мамлекеттик айыптоочулар башка күбөлөр суралып бүтмөйүнчө президентти чакырууга негиз жоктугун билдиришти.

Белгилей кетсек, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак: Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу