ТЕКЕБАЕВДИН СОТУНДА АЙРЫМ МААНИЛҮҮ СУРООЛОР ЖООПСУЗ КАЛУУДА

Биринчи май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул  Чотоновдун соттук отуруму болууда. Анын жүрүшүндө Текебаевге пара берди делинген Леонид Маевский көрсөтмө берүүдө.

Эмнегедир сот жана мамлекеттик айыптоочулар айыпталуучулар жана жактоочулар берген айрым суроолорго каршы чыгышып, суроолор жоопсуз калууда.

Жактоочу Канат Хасанов Маевскийге Анатолий Черных дана Сапар Исаков тууралуу суроо берди. Бирок мамлекеттик айыптоочулар бул суроого жооп алууга каршы чыгышып, суроо алынып салынды.

Буга чейин дагы Леонид Маевскийдин соттолгону жана издөөдө жүргөндүгү тууралуу суроо берилгенде сот бул суроолорду процесстен алып салышкан болчу.

Ошондой эле Маевский кеңсесинде видеокамералар бар экенин айып, бирок ал жазуулардын баары өчүп кеткенин кошумчалады. Аны менен катар эле кыш катуу болгондо кеңсесин суу каптап, компьютердеги баардык маалыматтар дагы өчүп кеткенин айтты.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Дүйшөнкул Чотонов дагы “коррупция” беренеси боюнча айыпталууда.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу