ТЕКЕБАЕВДИН СОТУНА РОЗА ОТУНБАЕВА КЕЛДИ

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин сотуна экс-президент Роза Отунбаева келди. Ал Текебаевди алып келе жатканда колунан кармап учурашууга жетишти.

Күзөтчүлөр Отунбаева менен Текебаевдин алдын тосушуп, тоскоолдук кылышты. Нааразы болгон Отунбаева: “Балдар башка жашоо дагы бар да, биз ошол үчүн күрөшүп жатабыз”-деди.

“Ата Мекен” партиясынын юристи Канатбек “Азиз Роза Исаковна жок дегенде тордун жанына барып сүйлөшүп алсын, ал эч нерсе кылып ийбейт” деген пикирин билдирип, натыйжада Отунбаева менен Текебаев бир азга баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты.

Сотко алынып келинген Дүйшөнкул Чотонов менен Отунбаева учурашып жатканда Отунбаеваны күч органдарынын кызматкерлери тордон алыс алып кетишти.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Мегаком” компаниясынын иши боюнча коррупцияга айыпталып, быйыл 26-февралда кармалган. Бул ишке тиешеси бар деген жүйө менен экс-министр Дүйшөн Чотонов да кармалган. Экөө тең азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турушат. Оппозициячыл саясатчылар өздөрүнүн айыпталуусун бийликтин саясий куугунтугу катары сыпаттап келишет.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу