Текебаевдин сотуна күбө катары келген Модин «А»сын айтса «Б»сын унутуп калдым деп сотторду шылдыңдагансып күлүп….

Бүгүн, 27-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана ӨКМнын мурунку жетекчиси Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум жүрүүдө.

Соттук отурумга Текебаевди «акча алды»- деп арыз жазгандардын бири Алексей Модин  күбө катары катышууда. Модин интернетке тараган видеосунда айткан сөздөрүн сотто да айтты. Маматкеримовго 300$ доллар акча бергем дейт. Далили жок,күлкүнү келтирген калптарды айтып жатып өзү да күлүп коюп атты.  Калганын 700$ долларбы же 500 евро беле билбейм эсимде жок дейт…

Ал эми ушул айтылган жалааларга карата   Текебаев  Модинге суроо бергенде жооп бере албай уят болду. Ушул сотто калптарды ышкыртып айткандыгы үчүн эле темир торго отургузса болот!

Эмне суроолор берилгенин жана Модиндин калптарына дагы кененирээк  кийинки макалаларда токтолобуз.

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу