Текебаевдин сотуна айыптоочу катары катышып келген прокурор кызматтан кетти

Прокурору Кубанычбек Бейшекеев кызматтан кетти. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, прокурор Кубанычбек Бейшекеев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Мындан сырткары Ош, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын прокурорлору да кызматтан кетишкен.

Эске салсак, Кубанычбек Бейшекеев “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалда министри Дүйшөн Чотоновдун соттук ишинде айыптоочу катары катышып келе жаткан.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу