Текебаевдин күнөөсү жок экенин аныктай турчу үч жагдай

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бийликти сактап калууга, Конституцияны мыйзамсыз бурмалоого каршы чыкты. Бийликтин мыйзамсыз иштер менен алектенип жатканын элге далилдөө максатында президенттин жана анын айланасындагы адамдардын байлыктарынан бери иликтеп баштаган. «Манас» аэропортуна 2017-жылдын январь айында кулаган «Кандуу жук» тууралуу дагы иликттөө ишин кызуу баштаган эле. Бирок, 26-февраль күнү Вена шаарынан учуп келип, Кыргызстанга конгондо «Манас» аэропортунан атайын операция менен кармалган. Өмүрбек Текебаевдин күнөөсүн аныктабай туруп, үч ай камакта кармап, анан ишти иликтөөгө алышты. Бирок, ошол үч ай аралыгында иликтөөнүн жыйынтыгы менен Биринчи Май райондук сотунда орус жараны Леонид Маевскийдин «Мен Текебаевге акча берип жибергем» деген көрсөтмөсү, айтуусу боюнча гана сот башталды жана ошол көрсөтмө менен өкүм чыкты. Судья Эрнис уулу Айбек коомчулуктун нааразычылыгына карабай бийликтин тапшырмасын кынтыксыз аткарды. Текебаев менен Чотоновду «Маевскийдин айтуусу боюнча» деген гана көрсөтмө менен сегиз жылга соттоп жиберди. Бийликтин бул өч алуусу жеке эки адамдын тагдырын гана бузбай, мамлекеттин тагдырына дагы терс таасир бере турганын билишкен жок.

Индира Жолдубаева башында турган прокуратура «Текебаевди 10 жылга соттогула деп суранганбыз, сот жеңил жаза берип койду» деп кайра Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Ошол кайрылуунун негизинде Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишин Бишкек шаардык сотунун төрайымынын орун басары Адис Момуналиев карап баштады. Соттук процесс 5-сентябрда башталган күнү эле Өмүрбек Текебаев ишке жана өкүмгө бир нече күбөлөрдүн маанилүү көрсөтмөлөрү кошулбай калгандыгын билдирди.

Өмүрбек Текебаевдин ак экенин далилдүү айтып, документтер менен көрсөтүп бере турган 100гө жакын күбө бар экен. Анын эң негизгилери бул ошол 2010-жылы Өмүрбек Текебаевдин күндө жанында жүргөн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жана саясатчылар болду.

Маевский «13-майда Текебаев менен «Супарада» кечке маал жолугуп, акча тууралуу сүйлөшкөнбүз» деп айтып жатат. Бул күнү Текебаев өз иши менен алек болгонун, Маевскийге жолукпаганын сөз түрүндө дагы, документ түрүндө дагы ондогон күбөлөр тастыктап беришти. Мисалы, экс-президент Роза Отунбаева 2010-жылдын 13-май күнү саат канчада кандай токтом чыгарганын, ага орун басары Өмүрбек Текебаев дагы кол коюп жанында болгонун документ түрүндө көрсөтүп берген. Ушул эле күнү Ош, Жалал-Абад облустарындагы жаңжалды басууга акча бөлүү маселеси боюнча жыйындын декретине Текебаев дагы катышып, кол койгонун тастыктап, президенттикке талапкер Темир Сариев дагы документин көтөрүп келип, соттун алдына койду.

Биринчи жагдай. Маевский «акча берип жибердим» деген Александр Модиндин 13-майдагы уюлдук компаниялар чыгарып берген телефондук сүйлөшүү картасы «Текебаев менен жолуктум» деген жерине дал келген жок.

Экинчи жагдай. Маевский «акчаны Модинге Кутуков деген коопсуздук кызматкерим аркылуу берип жибергем» деп көрсөтмө берген. Бирок, Кутуков «мен эч кандай акча жеткирген эмесмин» деп жооп берди.

Үчүнчү жагдай. Ошол 2010-жылдын 13-май күнү Өмүрбек Текебаев эртең мененки жана түштөн кийинки Убактылуу өкмөттүн чукул жыйындарына катышканын Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жана декреттери тастыктады. Андан кийин өзү жетектеген Конституциялык кеңешмеге саат 16:30дарда барган. Бул видеохроникада сакталып калган жана соттук иште көрсөтүлдү. Бирок, Эрнис уулу Айбек эске алган жок, Текебаев тараптын көпчүлүк күбөлөрүн уккандан баш тартты. Биринчи Май райондук соту бир гана тандоо бар, ал – «Текебаевди соттоо!» деген ураан менен өттү.

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу