Текебаевдин камерасына кайра видеокөзөмөл коюлду.

Абактагы саясатчы, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев отурган №47 колониянын камерасына кайра видеокөзөмөл коюлду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди:- Камерада жалгыз отургандыгына байланыштуу, ал кишинин коопсуздугу үчүн, өзүнүн макулдугу менен видеобайкоо коюлду.
Видеокөзөмөл мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен 11-апрелде алып салынган эле.
Саясатчы отурган бөлмөгө видеокамера коюлганы тууралуу 29-январда белгилүү болгон. Анда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы муну коопсуздук чаралары менен түшүндүргөн. Анткени менен укук коргоочулар жана абактагы саясатчы өзү да мындай аракетти кескин сындаган.
«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев «Мегаком» чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, 2017-жылдын февралында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга «орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган» деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан.
Өмүрбек Текебаев №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Өздөрү жана партиялаштары муну мурдагы бийликтин саясий буйругу катары сыпаттап келишет.

БУЛАК: maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу