Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү ачылары айтылды

1-январдан баштап Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү ачылат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Адилет” укук коргоо борборунун жетекчиси Чолпон Жакупова билдирди.

Анын айтымында, жаңы жылдан тарта күчүнө кире турган жаңы Кылмыш-жаза кодексинде Текебаев соттолгон беренелер боюнча жаза чаралары жумшартылган:

— Эгер мурдагы кодекстер боюнча соттолгон адамдын жаза чарасы жаңы кодекстерге карама-каршы келсе жана жаңысында жаза жумшартуу жагына өзгөртүлгөн болсо, анда иштер да кайра каралып чыгууга тийиш. Андыктан автоматтык түрдө бул иш 1-январдан тарта кайра каралып чыгышы керек болот.

“Адилет” борбору укуктук анализ жасап, ушундай тыянакка келген. Анализдин жыйынтыгы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш комитетинде талкууланып, жыйынтыгында Башкы прокуратурага Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча кат жиберүү чечими кабыл алынды.

«Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийдин “пара алды” деген көрсөтмөсүнүн негизинде 2017-жылы сегиз жылга соттолгон. Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун мындай өкүмүн кийин Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу