Текебаевдин жалындуу ары ишенимдүү айтканы, Атамбаевдин түн уйкусун бузуп жатабы?

2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин оппозициянын ана башы Текебаев алдыда боло турчу президенттик шайлоодо өз талапкерлигин алып, Атамбаевге ыйгарган. Ал учурда Текебаевдин бир гана максаты өлкөдө стабилдүүлүктү, камсыз кылып, демократиялык ачык жана таза шайлоо өткөрүп, өлкөдө адилеттүүлүктү орнотуу болгон. Ал гана эмес Отунбаеванын учурунда Текебаевдин демилгеси менен сот системасын жана күч түзүмдөрүн реформалоо башталып, криминалга каршы аёсуз согуш жарыяланган. Мындан тышкары үй-бүлөлүк режимдин алдын алып, парламенттик башкарууну алып келген. Өлкөдө парламентаризмдин өнүгүшү үчүн Текебаевдин салымы чоң. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери 28 жылдык өмүрүн мамлекетке арнап, Кыргызстандын өнүгүшү үчүн опол-тоодой салымын кошуп келет. Бир эмес эки адилетсиз бийликти кулатууда Текебаев башкы каарман болгонун кантип танабыз. Тилекке каршы Атамбаев Текебаевдин алгылыктуу демилгелерине колдоо көрсөткөндүн ордуна, ичи таарып бут тосуп туруп алды.

Текебаев ар-дайым чындык үчүн тайманбай күрөшүп, элдин кызыкчылыгын жогору коюп, хандан-бектен коркпогон көк жал саясатчы экенин басып өткөн тарыхы тастыктап турат. «Мүдүрүлбөс туяк, жаңылбас жаак» болбойт демекчи, Текебаевдин бир жаңылыштыгы Атамбаевди президенттикке жетелеп келгени десек жаңылышпайбыз. Кыргызда «бир саткан адам, кайра сатат» деп бекеринен айтылбаптыр. Анткени 2007-08 жылдары Текебаев Бакиевдин эң башкы оппоненти катары ага сес көрсөтүп турган. Ал учурда Текебаев, Сариев, Болот Шер, Чотонов, Бекназаров, жана Атамбаевдерден турган күчтүү оппозициялык топ куралган. Ал учурда Бакиев буларды көргөндө «ичкен ашын жерге таштап» эмне кылаар айласын таппай олтурган. Бакиевдин бир гана максаты оппозицияны ичинен бөлүп-жаруу болгон. Ал үчүн Бакиевге оппозиция лидерлеринин бирин өзүнө тартууну көздөгөн. Ошентип Бакиевдин бул амалы Атамбаев аркылуу ишке ашат. Анткени Атамбаев Бакиев менен сүйлөшүүгө барып, анын сунушуна макул болгон. Айрым эл арасындагы маалыматтарга таянсак Атамбаев Бакиев менен макулдашкан соң оппозициядагы санаалаштарына бул кабарды угузуп жатып, «силер туура түшүнгүлө, биз Бакиевди куру кыйкырык менен жеңе албайбыз. Мен аны ичинен жарып чыгам, андан көрө силер мени колдогула» деп айтканын, бирок анын бул сунушун оппозициядагы санаалаштары колдобой койгону коомчулукта айтылып жүрөт. Ошентип Бакиевдин азгырыгына азгырылган Атамбаев премьер-министрлик кызматка дайындалып ант берүүгө келгенде Текебаев аны «Ак мөөргө окшоп, арманыңды айтып кетип барааткан экенсиң» деп сындаганы элдин эсинде. Атамбаевдин Бакиевди ичтен жаруу амалы ишке ашпай, тескерисинче Бакиев андан амалдуулук кылып, Атамбаевди жаш балача орден берип жай баракат узатып койгон.

Ошентип талаада калган Атамбаев бир топ убакыт өткөн соң, оппозициядагы санаалаштарынан кечирим сурап кайра алардын катарына кошулган. Текебаевдин жана башка оппозиция лидерлеринин эң чоң катаасы, жаңылганы Атамбаевди кайрадан катарларына кошуп, президент болууга жол ачкандары болгонун бүгүнкү абал тастыктап турат. Сатып көнгөн Атамбаев бийликке келген соң, досторун сатып, эски эки бийликтин саркындыларынан турган жаңы командасын түптөгөн.

Ошентип адилеттүүлүк канына сиңип калган Текебаев досу Атамбаевдин былыктарын көрө тура унчукпай койо албады. Акаев менен Бакиевдин эсин оодарган Текебаев Атамбаевге каршы чабуулга өттү. Атамбаевдин тушунда орун алган бир-топ мыйзамсыз аракеттерди, далилдүү фактылар менен парламент трибунасынан Текебаевден башка бир дагы депутат айтып чыгууга даай алган эмес. Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеште тарыхый кайрылуу жасап, бийликтин коррупциялык былыктарына бүгүн бөгөт койбосок эртең кеч болоорун эскертип өткөн. Ал гана эмес «президентке импичмент жарыялайлы, анын коррупциялык иштерине жөн карап олтуруу мүмкүн эмес, кийин тарых кечирбейт» дегенине карабай бул сунушун депутаттар колдоого алганга жараган эмес. Учурда куугунтук жеп качып жүргөн айрым фракция лидерлери жана депутаттар Текебаевдин ошол сунушун колдобой койгондору үчүн бармактарын тиштеп жатса керек. Текебаев жалгыз өзү Атамбаевдин айласын кетирип, аны командасы менен аңга түшүрүүгө аз калган эле. Ошол учурда Атамбаевдин бийлиги, массалык маалымат каражаттары боло тура, маалыматтык согушта Текебаевге уттура баштаган. Айласыз Атамбаев Текебаевге карата ар-кандай жалган жалааларды уюштурду. «Белизгейт» баш болгон, бирок бири дагы суу кечкен жок. Тескерисинче Текебаевдин алып чыккан аргументтери маанилүү болуп, өз дарегине жетип турду. Жаштайынан чындык деп чыркыраган Текебаев Атамбаевчесинен жалган токулган жалааларды эмес, далилдүү фактылар менен Атамбаевди жарга такаган. Текебаев чыныгы улуттук лидер экенин, анын алдыны көрө билген көрөгөчтүгү айнинелеп турат. Бүгүнкү коррупциялык схемалардын алдын алууну Текебаев баштаган, бирок тилекке каршы бийлик күчкө салып, ал тилегине жеткизбей койгон эле. Эми анын баары ачыкталып, убагында Текебаев айткан жоромолдор ачыкка чыгып жатпайбы. Көрсө Текебаев коррупция кулачын кенен жая элегинде тамырын кыркууга бел байлаган тура.

Акыры жеңилип бараатканын туйган Атамбаев кайдагы бир өз элинен безген «мощенник» Маевскийдин жалган көрсөтмөсү менен Текебаевди камап тынды. Текебаевди камагандан бери эмне өзгөрдү? Тескерисинче бийликти тукуруп турган адам жок, өлкөнү каалагандай калчап тоношкону эми чыга баштады го чиркин. Эгерде Текебаев камалбай турганда өлкөдө мындай кырдаал орун алмак эмес, Текебаев эмдигиче коррупциялык схемалардын тамырын кыркып, коррупционерлердин өпкөсүн үзмөк. «Бирөөгө ор казсаң, өзүңө зындан» демекчи, Атамбаевдин коррупциялык былыктары акырындап чыга баштады. Кандай болгон күндө дагы жаңы президент өлкөдө адилеттүүлүктү камсыз кылып, сот системасын реформалоого багыт ала турган болсо, алгач саясатчыларга куугунтукту токтотуп, ак жеринен камалган саясатчыларды бошотуудан баштаса эл арасында кадыр-баркы артат. Жээнбеков Атамбаев салып кеткен адилетсиз көчтү улайбы же ал көчтү кыйратып, ыйманга баш ийип, адилеттүү көч түзөбү аны алдыда көрө жатаарбыз.

«Ак ийилет, бирок сынбайт» демекчи, эртеби-кечпи Текебаев акталып чыгат. Анткени Текебаевден эч кандай илинчээк таба алышпай, эптеп жалган жалаа менен камап коюшканы баарына маалым. Атамбаев баш болуп, командасы төш болуп жыландын куйругун тебелеп алгандарын туюп, учурда түн уйкулары бузулуп жаткандыр. Текебаев өзүнүн камалаарын алдын ала билип, «мени камап коюшуңар мүмкүн, мен андан коркпойм, камасаңар бир жылдан кийин апладисменттер менен чыгам, анткени Атамбаев кетет. Мен мамлекети жок эле силер менен эсептешип алам» деп айткан эле. Текебаевдин ушул жалындуу ары ишенимдүү сөзү алардын түшүнө кирип, уйкуларын бузуп жатканы талашсыз. Бийлигиңерге таянып, мыйзамсыз кадамдарга баргандан көрө, эртеңки күнүңөрдү ойлосоңор болмок байболгурлар. Ушул мыйзамсыз аракетиңердин зыянын тартып, бармагыңарды тиштээр күнүңөр алыс эмес. Эртең Текебаев чыкканда силерди аянычтуу тагдыр күтүп турганын ойлосом, боорум ооруйт…

Булак:ЧЫНДЫК

Аргумент.kg
Жооп калтыруу