ТЕКЕБАЕВДИН ЖАКЫНДАРЫ АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАШТЫ

«Ата Мекен» фракциясынын лидери  Өмүрбек Текебаевдин жакындары ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу  аталган партиядан массалык маалымат каражаттарына билдиришти.

Алардын айтымында, ачкачылык жарыялагандардын арасында Текебаевдин жакын туугандары жана «Ата Мекендин» бир канча мүчөсү бар.

«Ачкачылык акциясынын максаты Өмүрбек Текебаевдин ишин карап жаткан соттук отурумдардагы башаламандыктарды токтотуу болуп саналат», — дешет партия мүчөлөрү.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу