“Ата Мекен” лидери Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз саат 16:00дө каралат. Соттук отурум Бишкек шаардык сотунда болот.
Учурда Текебаевдин тарапташтары Бишкек шаардык сотунун алдына чогулушуп, митинг өткөрүшүүдө.
Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Эске сала кетсек, 21-апрелде “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев дагы бир айга абакта калтырылган. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган.
Булак: Каганат