Текебаевге коюулган дооматтар сексени кесме сегизи эттей эле болуп калды го..

5-июнь. Саат 10:30да Биринчи Май райондук сотунда

Текебаевге каршы “бир грамм” күнөө табылдыбы? Жок!

Өмүрбек Текебаевге Маевскийден пара катары акча алдың деп коюлган күнөө карандай калп экенин баарыбыз билип деле бүттүк. Бийлик ИИМди, УКМКны, Прокуратураны жана КТРКларын кошуп издөө кылып, жасалма далилдерди ойлоп тапса дагы Текебаевдин Маевскийден акча алганын бир чиймеленген кагаз, бир мутный сүрөт же бир монтаждалган видео аркылуу болсо дагы далилдей алышкан жок.

Кайсыл бир жакпаган адамды 10 жыл мурдагыдай КТРКдан каралатып, элге жаман көрсөтүп, андан кийин каматып же жок кылып коюу ыкмасы азыр жакшы иштебей калган. Себеби, ар бирибиздин колубузда интернет аркылуу бардык тараптын чындыгын угууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Бийликтеги бир ууч адамдардын тобу саясатчылардын ар бир кадамын жарандык коом тыкыр көзөмөлгө алып, алар тууралуу ар бир жаңылыкты дароо билип, угуп тураарын билишкен жок. Атамбаевдин командасы эки революциянын курмандыктарынын эмгеги менен курулган ачык демократиянын курмандыгы болушту.

Курмандык дегеним бийликтин кылган иштеринде кандай арамдык аракеттери болсо жашырып үлгүрбөй калган көпчүлүгү ачыка чыгып калып жатат. Айталы ошол эле “Белизгейт”, “Маевскийгейт”, “Мародерствогейт” же эл үчүн жазадык деген Жогорку Нарын ГЭСиндеги уурдалган акчалар, “Мегаком” маселесиндеги сырдуу акчалар ж.б. жүздөгөн иштеринин кандай ыплас жагы болсо ал коомго ачыкталып калууда.

Азыркы биздин эң негизги жалгыз жетишкендигибиз болгон сөз эркиндигинин курмандыгы болушту. Сөз эркиндигин дагы бул бийлик алып келген эмес, аны эл өзү алып келген.

Азыр Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова сыяктуу “Ата Мекен” партиясынын лидерлерине кылмыш ишин козгоо менен Атамбаевдик команда чындык издеген жок. Алар ыплас иштеринин изин суутууну, байлыктарын сыртка ташып чыгууну пландашкан. Ишке ашып жатат.

Биз Өмүрбек Текебаевдин баскан жолу жана Атамбаевдин командасынын кылыктары тууралуу бардыгын жазсак 5-6 том китеп болот. 5-июнда Өмүрбек Чиркешовичке карата тагылган айыптарга сот баа берет. Ал сот ачык өтөт. Каалаганыбыз кирип соттун иши менен таанышсак болот.

Мен жана бир нече мекендештер азыркы бийликти чектен ашты деп күнөөлөп келебиз. Бирок, такыр эле акылынан айнып, жетелетме болуп кала элек, эгер көзүнө чоң тамгалар менен мыйзамдар көрүнүп турса ошону окуп, ошого жараша чечим чыгарат деп ойлойм. Соттор дагы эл аралап жүргүсү келет, алар деле адамдык сапатын сактап калгысы келет. Ошондуктан мен дагы деле Өмүрбек Чиркешовичтин акталып чыгышына ишенем.
Ө. Текебаев жасай турган иштер али алдыда, али көп.

ЧЫНДЫК

Аргумент.kg
Жооп калтыруу