ТЕКЕБАЕВГЕ каршы «ТӨӨДӨЙ» болгон төрт «ДӨӨДҮР» жана «ЧӨӨЛӨР»

КЫЛЫМ СОТУ — КЫРГЫЗ СЕРИАЛ.

ЧОТ-МОТ, ЧОЙМОДОЙ ЧОЙУЛГАН СОТ..

Бүгүн, 4-июль күнү саат 14:00дө Биринчи май райондук сотунда (Бөкөнбаев-Советский көчөсү ) Өмүрбек Чиркешович ТЕКЕБАЕВДИН соту кайрадан улантылат. Эртеңки соттук териштирүүгө байагы эле дасыккан шылуун, эл аралык куу тумшук, Кудайдан жөө качкан аферист Леон-ИТ Маевский күбө катары катышаары күтүлүүдө.

Ушунакай. Убакыт кашкайта көргөздү, Өмүрбек ТЕКЕБАЕВДИН бул чуулгандуу иште кымындай дагы тиешеси, ныпым күнөөсү жок экенине баарыбыздын көзүбүз жетип, ынандык. Деген менен, ар кандай ушак жоромолдорго ишенип, күмөн болгондор деле жок эмес. Ошол себептүү убакыт таап, соттук отурум болуп жаткан аймакка келип, жеринен көрүп, таанышып, маалымат алып кетсеңиздер сиздер үчүн өтө пайдалуу эле болот. Келиңиздер мекендештер, кайдыгер болбоңуздар!

КЫЛЫМ СОТУ — КЫРГЫЗ СЕРИАЛ.

«УКМУШТУУНУН ТӨӨСҮ ЖОРГО» ЖЕ «УЙАЛБАГАНДАН ӨЗҮҢ УЙАЛБЫ?».

«ТӨӨДӨЙ» БОЛГОН ТӨРТ «ДӨӨДҮРДҮН» КӨРСӨТМӨСҮ..

Биринчи күбө, Алексей Чмодин: Мен өзүм Өмүрбек Текебаевге акча берген эмесимин. Талант Маматкеримов деген адамдан берип жибергем. Ал киши каза болуп калыптыр.

Экинчи күбө, Руслан Оңолбеков: Мен Өмүрбек Текебаевге акча берген эмесмин. Жөн гана уккам.

Үчүнчү күбө, Өмүрбек Абдырахманов: Мен Өмүрбек Текебаев 1 000 000 бир миллион доллар алыптыр деген имиш жана ушакты гана уккам.

Төртүнчү күбө, Илеон-ИТ Маевский: Мен өзүм Өмүрбек Текебаевге акча берген эмесмин. 2010- жылы бир белгисиз кишиден 700 000 жети жүз миң доллар берип жибергем. Тилекке каршы ал кишини тааныбайм. Офисимде видеонаблюдение бар, бирок ал акчаны алып кеткен киши түшүп калган тасмалар жок болуп кеткен. Анан да офисти кийин суу каптап кетип, бул ишке тиешелүү документтер дагы жоголгон.

ТӨРТ КҮБӨСҮ ТЕҢ ТӨРТ БАШКА ДӨӨРҮДҮ. ӨШӨНТҮП «ДӨБӨДӨГҮ» ИШЕНГЕН КОЖОЛОРУН ӨЛӨ ИТ КЫЛДЫ. ЭМИ ИЧИ КҮЙГӨН ИТИБАЙЛАР АЙЛАСЫЗ ИНТЕРНЕТТИН ИЧИН ИРИТИП, ӨЗДӨРҮН ОГО БЕТЕР ЧИРИТИП АТЫР. ОЙЛОНБОЙ ЖАСАГАН ИШТИН АРТЫ ОШОНДОЙ БОЛОТ, ООЛУКПАГЫЛА «ОЙОНДОР»..

КЫЛЫМ СОТУ — КЫРГЫЗ СЕРИАЛ.

КЫРГЫЗДАГЫ КЫЛЫМ СОТ. ӨЛӨСҮҢ ДА, ӨЛӨСҮҢ!.

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВДИН СОТУНДАГЫ БАШКЫ КҮБӨ ДЕЛГЕН
ИЛЕОН-ИТ МАЕВСКИЙ ДЕГЕНДИН КЫЗЫК КӨРСӨТМӨСҮ:

1. Леон-ИТ Маевский өзүнүн өнөктөш досу Алексей Чмодинге «Текебаевге берип кой» деп 300 000 (үч жүз миң доллар) берген имиш. Бул тууралуу эки гана адам билет экен. Маевский өзү жана Чмодин доcу.

2. Алексей Чмодин ал 300 000 (үч жүз миң долларды) Талант Маматкеримов дегенге берген. Бул тууралуу Чмодин өзү жана ыраматылык болуп кеткен ошол Талант Маматкеримов гана билет экен.

3. Талант Маматкеримов аталган акчаны Текебаевге берген-бербегенин ыраматылык болуп кеткен Талант Маматкеримов жана ыраматылык боло элек Алексей Чмодин гана билет экен.

4. Андан соң 700 000 (жети жүз миң долларды) Илеон-ИТ Маевский өзү да тааныбаган белгисиз бирөөгө берген имиш, анын аты-жөнү да эсинде жок, тергөөчүлөр да ал адамды «лупа» менен издеп табалган эмес.

5. Аталган ошол өтө чоң суммадагы 700 000 (жети жүз миң долларды) акчаны белгисиз бирөө Текебаевге бергенби же бербегенби аны дагы ошол белгисиз бирөө гана билет экен.

ТАППАСАҢ ГАНА СЫЙПАЛАП КАЛГЫР. МЫНАКЕЙ, КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ. КҮЙӨСҮҢ ДА КҮЙӨСҮҢ, АЙЛА ЖОК КҮЛӨСҮҢ, БИРОК, АКЫЛ-ЭСИ БАР АДАМДАР СӨЗСҮЗ БАШКА ЖЕРИ МЕНЕН КҮЛӨТ, ООЗУ МЕНЕН ЭЧ КИМ КҮЛБӨЙТ, МЕН ОШОНУ ДААНА БИЛЕМ..  )))

ЭМИ КЫЗЫК СУРОО: БУЛАРДЫН КИМИСИ ШАКАЛ????

Асыран Айдаралиев, журналист.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу