Текебаевге боштондук берилеби?

Эң жаман түшүндө да Өмүрбек Чиркешович 60 жылдык юбилейин түрмөдөн тосом деп ойлобосо керек. Бирок,  тагдырдын татаал жолдору ага ушундай болуусуна алып келди окшойт. Коомчулуктун көпчүлүгү, анын ичинде абдан белгилүү  инсандар Өмүрбек Текебаевди түрмөдөн мүмкүн болушунча тез чыгаруу боюнча чакырык ташташууда. Буга жоопту Президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы өткөн маалымат жыйында берип, жогорку сотко чейин чечим чыккандыгын белгилеп, эгерде Текебаев кайрылуу жазаса ага мунапыс берүүгө даяр экендигин билдирди. Бирок, Текебаев күнөөсүн эч качан мойнуна албагандыктан мунапыска арыз жазып кайрылбай тургандыгын адвокаты аркылуу байма-бай кабарлап келет.

Негизги маселе бүгүнкү бийликтин саясий эркинде жатат окшоп калды.  Ага чейин Президент коопсуздук кеңешинде эгерде оркойгон акыйкатсыздык болсо соттун ишине да кийлигишкенге акым бар деген ойду билдирди эле.  Негизги күбө Маевскийдин Москвада абакка алынышы Текебаевдин  ишинде жаңы жагдайды ачып атканы факт болуп турат. Ошондуктан бул кылмыш иш сөзсүз түрдө кайра каралышы керек эле. Бирок, эмнегедир андай болгон жери жок.

Кандай болгон күндө да акыйкат акыры жеңет.  Текебаевдин боштондукка чыгар күнү деле алыс эмес.  Далай мыйзамдардын ээси болгон, керек болсо башмыйзамдын атасы аталган Өмүрбек Чирекшовичке кутман курагына куттук айтып, эркиндик абасын кере-кере дем алышана чын жүрөгүбүздөн тилек кылабыз!

Булак: Argument.kg

 

 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу