“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге байланышкан кылмыш иши сотко жиберилди. Бул тууралуу жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Айтымында, кылмыш иши 7 томдон турат жана наны 2 тому гана иликтенип бүткөн.
Ошондой эле ал соттук отурум качан болору белгисиз экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Булак: Каганат