Тез чарчоонун себеби эмнеде?

Күнү бою чарчап жүрүү бир гана уйкунун жетишпестигинен эмес. Аны адистер төмөндөгүчө түшүндүрөт.

Суунун жетишпестиги

Диетологдун айтымында, орнагизмде суунун курамы эки эле пайызга азайып кетсе, анда күч-кубатыбыз төмөндөгөнүн байкоого болот. Суунун жетишпестигинен улам, каныбыз коюланып кетет экен.

Темирдин жетишпестиги

Организмге темир жетишпегенде-адамдар бат чарчап жана бат-баттан ачуулана берет. Ал үчүн сизге жаңгак жана жер жаңгак жемиштери жардамга келет.

Перфокцианист адамдар

Перфокцианист адамдар-өзүнүн максатына толугу менен жетем деп тырышып отуруп, жашоонун таттуу даамын деле билбей калат. Анткени,андай адамдар өз максаттарына жетүүдө бир топ кыйынчылыктар жаралат. Себеби, мындай адамдар бардык нерсени идеалдуу болуусун каалайт. Психологдор аларга бир аз болсо дагы эс алуу керектигин сунуш кылат.

Эртең менен тамактанбоо

Эртең мененки тамак-биздин жан азыгыбыз. Таңкы туура тамактануу-күнү боюу сергек жүрүүбүзгө себеп болот. Өзгөчө адистер эртең менен сүт азыктарын ичүүнү сунуш кылат.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу