Тез арыктоо: лимон диетасы…

Кан көбөйтүү үчүн анардын өзүнө караганда ширеси жакшы жардам берет. Ошол сыяктуу арыктоо үчүн да лимон жемиши эмес, сыгындысы таасир берет.

Лимон ширеси ач карынга ичкен абзел. Суу бөлмө температурасындай болушу керек. Лимон ширесин ичкенден кийин ал тиштин эмалына терс таасир бербеши үчүн оозуңуздагы бир аз сода салынган суу менен чайкаңыз же лимон ширесин түтүк менен (трубка) ичиңиз.

Лимон диетасы учурунда каалаган тамакты жегенге болот, болгону көп жебей, көлөмүн билиңиз.

1-күн – 1 лимонду сыгып, үстүнө 1 стакан суу куюңуз. Ан ач карынга ичиңиз.

2-күн – 2 лимонду сыгып, үстүнө 2 стакан суу куюңуз.

3-күн – 3 лимонду сыгып, үстүнө 3 стакан суу куюңуз.

4-күн – 4 лимонду сыгып, үстүнө 4 стакан суу куюңуз.

5-күн – 5 лимонду сыгып, үстүнө 5 стакан суу куюңуз.

6-күн – 6 лимонду сыгып, үстүнө 6 стакан суу куюңуз.

7-күн – үч литрлик банкага 3 лимонду сыгып, бир кашык бал кошуп, ушул кошулманы күнү бою ичип жүрүңуз.

8-күн – 6 лимонду сыгып, үстүнө 6 стакан суу куюңуз.

9-күн – 5 лимонду сыгып, үстүнө 5 стакан суу куюңуз.

10-күн – 4 лимонду сыгып, үстүнө 4 стакан суу куюңуз.

11-күн – 3 лимонду сыгып, үстүнө 3 стакан суу куюңуз.

12-күн – 2 лимонду сыгып, үстүнө 2 стакан суу куюңуз.

13-күн – 1 лимонду сыгып, үстүнө 1 стакан суу куюңуз.

14-күн – үч литрлик банкага 3 лимонду сыгып, бир кашык бал кошуп, ушул кошулманы бир күн бою ичип жүрүңүз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу