Тез арыктоонун жолу: алма менен айран…

Кычкыл сүт азыктарынын курамында ашказан, ичеги кызматын калыпка келтирүүчү пайдалуу бактериялар мол кездешет. Ошондуктан айран ден-соолукка жана ашыкча салмактан арылуу үчүн өтө пайдалуу.

Алма менен айран диетасы узакка созулбайт. Аз убакыттын ичинде организмдеги ашыкча суу менен майды чыгарып, тазалоого жардам берет. Бул диетаны үч күн кармаш керек.

Биринчи күнү 1-1,5 л майлуу эмес айран, экинчи күнү 1-1,5 кг алма, ал эми кийинки күнү 1-1,5 л айран ичиш керек. Мындан башка эч нерсе жебей турган оң.

Суу, көк чай, чөп чай ичүүгө тыюу салынбайт. Каалаган убакта, каалаган өлчөмдө иче бериңиз.

Алма менен айран диетасы 3-4 кг салмак таштоого жардам берет. Мындай диетаны кармоо көпчүлүк адамдар үчүн кыйынга турат. Тамактан баш тартуу, үч күн бою айран жана алма менен тамактануу оңой эмес.

Ошондуктан диетага толугу менен даяр болгондон кийин кармаган жөн. Эгер алма жегенди жактырбасаңыз, анын ордуна башка жемиш же өсүмдүктөн тандасаңыз болот.

Картошка менен банандын курамында крахмал кездешкендиктен, алманын ордун баса албайт. Эгер бадыраңды таңдасаңыз, айран менен биригип организмди үч күндүн ичинде тазалап чыгат.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу