Тез арыктатуучу скраб…

Кантип арыктоонун амалын таппай жүрөсүзбү? Ичеги-карынга арналган бул скраб сизге милдеттүү түрдө жардам берет.

Бир ай бою эртең мененки тамакка өтө пайдалуу боткону жеңиз. Бул ботко сулу жармасынан жасалат. Бир айдан кийин күзгүнүн алдына барсаңыз өзүңүздү тааныбай калаарыңызга шек жок. Дене мүчөңуз гана өзгөрбөстөн, бет териңиз нымдашып, чач менен тырмак катуу болгонун байкайсыз. Тактап айтканда, сулу жармасынан даярдалган ботконун пайдасы өтө мол.

Керектүү азыктар:

5 аш кашык сулу жармасы

5 даана жаңгак

5 аш кашык суу

1 аш кашык сүт

1 чай кашык бал

Даярдалуусу: Беш аш кашык сулу жармасын табакка салып, ага 5 аш кашык кайнаган сууну жылымык кылып куябыз. Мындан кийин үч саатка чейин эч нерсе ичпеңиз. Керек болсо сууну да ичүү сунушталбайт. Эртең менен көөп калган сулуга 1 аш кашык сүт менен 1 чай кашык бал кошосуз. Сүттүн ордуна 1 аш кашык каймак кошсоңуз да болот. Ошону менен бирге 5 даана грек жаңгагын саласыз. Бардыгын жакшылап аралаштырып, жей берсеңиз болот. Боткону адаттагыдан көбүрөөк чайнап жесеңиз пайдалуу.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу