ТВЕАнын калган жетекчилери да камалышы мүмкүн

Жакында ТВЕАнын Кыргызстандагы өкүлү, Кытай жараны Мусажан Макелек камакка алынгандыгы маалымдалды. Ал убагында ТВЕАнын пиарчысы катарында Кыргызстандагы ЖМКларга көптөгөн материалдарды жарыялап, анын кызыкчылыктарын сүрөмөлөгөнгө чоң салымын кошкондордон. Биз 2012-2013-жылдарда ал жарыялаган айрым материалдарды карап көрсөк, ал ТВЕАны Кыргызстандыктарга “Кытайдагы электр жабдууларын чыгаруучу ири компания” катарында тааныштырган экен. Биздин АША баштаган чиновниктерибиздин ачкөздүктөрүнөн, кылмыштуу алаңгазарлыктарынан улам жабдууларды чыгаруучу компания курулушчулардын да милдетин өзүнө алып, «Датка-Кемин» чубалгысын чордондору менен кошо куруп бериптир. Мусажан Макелек менен Сапар Исаковдун эң жакын адамдардан болушкандыгы белгилүү. Айрым серепчилер, кылымдын аферасын идеялык, идеологиялык жактан камсыздоодо ушул экөөсүнүн чоң ролду ойношкондугун айтышууда.

Ал пикирлерге биз да кошулабыз, бирок мында аферанын кыргыз тараптагылары эле камалып, жазаланып, ТВЕАнын чыныгы жетекчилери кол тийгис болуп кала беришеби? — деген суроону койгубуз келет. Анткени, пиарщиктин финансылык маселелерди чечпестигин, ал тапшырманы гана аткарарын бала деле билет. Мүмкүн, ТВЕАнын жетекчилери “ушуга ыраазы болгула, бизге тийбегиле” деген максатта Мусажан Макелекти кармап беришкендир? Эгерде башкача ойдо болушса, аны алда качан эле Кытайга чакырттырып алышмак. Кытайда коррупционерлерге карата жаза аябагандай катаал. Эгерде ТВЕАнын жетекчилеринин коррупцияга аралашкандары толук далилденсе, аларды кулактарынан жетелеп барып эле атып ташташат. Мусажан Макелек ошондон коркуп, өзү атайылап Кыргызстанда камалганды артык көрүшү да толук мүмкүн. Эмнеси болсо да укук коргоо органдарыбыз пиаршик менен чектелбестен ТВЕАнын жетекчилерин да жоопкерчиликке тарттыруу боюнча чараларды көрүүлөрү зарыл.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу