Таң калычтуу сүйүү окуясы соцтармактарды жарды

23 жаштагы Анель Муратова менен 22 жаштагы Марлен Нургесановдун махабаты тууралуу  окуя  интернетте абдан популярдуу болууда. Катуу сыркоолоп калган кызды сүйүп, дайыма жанында болуп коргоп келген экен. Бул маалыматты nur.kz  билдирет.

Анелдин айтымында Марлен экөө  Кульсарыдагы бир мектепте окуган экен. Кыздан бир класска ылдый окуган Марлен 9-классты бүтүп Актөбеге колледжге тапшыруу үчун кетет. Бирок кыз менен жигит байланышын үзгөн эмес

2009-жылы Анель өпкөсүнө суук тийгизип алып ооруканада көпкө чейин жаткан. Абалы күндөн-күнгө кыйындап, оору күчөй баштаганда, апасы экөө Актөбөгө текшерилүү үчүн барат.

Бул тууралуу Марлен досу аркылуу билип калып, кыз менен жоолукканы күнүгө келчү экен. Экөө бош убактысында шаар аралай сейилдеп басып, убакыт өткөрүшөт. Бул убакта Анель ден соолугу начарлап жатканын сезсе дагы Марленге эч нерсе айткан эмес . Ошентип Марлен сүйгөн кызын Күльсарыга кетчү поездге салып жиберет

Арадан бир жылдан өткөн сөн дарыгерлер кыздын  бир өпкөнсүн алып салуу керек экендигин айтып чыгышкан экен.

“Биз экөөбүз телефон аркылу сүйлөшуп жатып мен Карагандага бир өпкөмдү алдыруу үчүн  барарымды айткан элем. Ал негедир поезддин номерин анан саат канчада жылат экенин сурап алды. Поезд Актөбөгө кирбегендиктен мен Кандыгашда токтогондо кошуна вагондон Марлен чыгарын билген эмесмин”,-дейт Анель . — Ал Актөбөден сабагын таштап коюп келген экен. Дал ошондо мен Марленди башкача көз караш менен карагам. Сүйүнүп турсам дагы “сабактарың эмне болот”,-деп сурадым. Ал болсо “кайдагы сабактар мен сени менен барам”,-деп жооп берди.

Марлен  оорукана кызматкерлеринин каршы болгонуна карабай Анелдин жанынан күнү-түнү дебей жылбай, дайыма коргоп турчу.

“Биз ошондо ортобузда сүйүү пайда болгонун байкасак керек”,- дейт Анель

Сырттан окууга которулган жигит кыздын жанында болуп, ден соолугу күндөн-күнгө начарлап жатканын байкайт.

Анелдин ичеги-карындарым жакшы иштебей, кычкылтек жетишпегенден улам жүрөгү омуртка тарапка жыла баштаган.

“Мага дайымма дем жетпейт эле. Ошондуктан кычкылтек баллону менен жүрчүмүн. Ал убакта Марлен жумуш таап, бирок менин жанымда баллонду дайыма көтөрүп жүрүү үчүн ишин таштап салды. Себеби мен эс-учумду  бат-баттан жоготчум”

Өпкөнү алып жаткан дарыгер жүрөкту кайрадан ордуна алып келүү керек. Антпесе  ал токтоп калышы мүмкүн деп айтканынан Анель менен Марлен Алмата жана Астанын ооруканаларынын эшиктерин каккылап жөнөшөт.

“Алматыга ал убакта Мосвкадан профессор келген экен. Ал текшерүүдөн соң “Жөндөн-жөн эле  дарыгерлерге барууну кереги жок. Эч ким мындай операцияга жоопкерчилик алгысы келбейт. Ата-энесине жеткиргиле даярдана беришсин”,-деди. -Марлен бул убакта өзүн карман албай кетти окшойт. Дарыгерди жулкуп кармап: ” эмне деп жатасыңар” деп кыйкырып кирди. Аны токтотуп, тынчтандарып алып: “жашоом ушинтип токтоп калабы” деп ойлоп кирдим”.

“Эсимде сейил бакта отуруп алып экөөбүз кечке ыйлаганбыз.  Мен өзүмө келгенден кийин, Марлен “сен анын сөздөрүнө ишенип жатсыңбы. Сен жеңилгенге даярсыңбы? Мен сен үчүн жашайм, эмне үчүн мага жардам бербейсиң. Бардыгы Аллахтын колунда, жеңилбе”,-деди.

Депрессияга кабылган Анель ооруну көтөрө албай, дары-дармексиз жашай албай калган. Бул убакта Марлен дайыма жанында эле.

“Бир жолу түн ичинде ойгоно калсам ал кудай менен озүнчө сүйлөшуп отуруптур. Бизди сынап жатасың билем. Бирок мынча катуу кыйнабачы. Чыдай албай калдым. Бизге туура жолду көрсөтчү”,-дегенин кулагым чалып калды. Мен өзүмө мындай сүйүүнү татыктуу болушум керек деп кайра жандандым”,- дейт Анель

Андан соң эле Анелдин оорусун билген Карагандалык хирург чалып, операцияны Орусиядан же Кытайдан гана кылат экенин айтып калат.

 «Менин жашоомду сактап калган периштенин аты Аманжол Темирбаев. Ал:”сени канчадан бери дарылапжатам. Өлүлүмдү күтүп жатканыңды көрүп жүрөк ооруйт. Кореяднын медицинасы күчтүү. Бирок ал жакка учуп бара албайсың го. Жол азабын көтөрө албай каласың. Мен өзүм барып үйрөнуп келем”,-деп калды. Ошентип биз күтүп калдык”.

2016-жылдын февраль айында  хирург Карагандыга кайтып келип Анель операцияга даярдана баштайт. Ал ийгиликтү болорун эч ким күткөн эмес .

6 саатка созулган операциядан соң дарыгер Марленег чыгып, бардыгы ийгиликтүү болгонун, Анель тирүү экенин айтат.

Бир жумадан сон мени реанимациядан палатага которушуп, мен күч топтой баштадым”,-дейт Анель.

Ал азыр абалы жакшы экенин жана кычкылтек баллону менен чанда гана колдонуп жатканын айтып, Марлен экөөнүн сүйүүсү тууралу китеп жазгысы келип жаткан билдирген.

Тележурналист бодууну кыялданагн кыз Марлен экөө  нике кыйганын айткан.

Ал эми Марлен:

“.Эгер кайра төрөлсөм дагы бул менин жашоом экенин түшүнүп жатам. Мен кыйналдым бирок мени колдогон ата-энеме, туугандарыма, досторума рахмат. Алар мага акчалай жардам берип жатышты. Мен өүум дагы мүмкүнчүлүк болгон сайын иштеп калчумун. Эч нерсеге өкүнбөйм.  Менин Анелим менин жанымда. Биздик окуя интернетте популрярдуу болуп жатканы угуп абдан таң калдым. Маага элдер жаза  турушат”,-десе

Анель: “Менин жашоомдо Марлен пайда болгонуна кудайга миң мертебе ыразымын. Ал мени эч качан сынап калбай күрөүуш керек экенин үйрөттү”,- дейт.

Булак: sakal.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу