Ташчайнар деген каймана аты бар Нурлан Алишеров тогуз унаанын тетиктеринен жол тандабас курап чыкты.

Жаңы унаага тогуз машинанын тетиктери колдонулган.

Ташчайнар деген каймана аты бар Нурлан Алишеров тогуз унаанын тетиктеринен жол тандабас курап чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Алишеров жол тандабасын «Ташчайнар» деп атаган.

«Унаага «ГАЗ-66» машинасынын дөңгөлөктөрү, Mercedes-Benz машинасынын мотору коюлган. Мындан сырткары, «Москвич», «ГАЗ-69», «ГАЗ-51», «Жигули», Audi сыяктуу унаалардын тетиктери колдонулган. Бул унаа үчүн 10 миң доллар сунуштагандар чыкты», — деп билдирди Алишеров.

Ал ошондой эже жаңы куралган унаанын коробкасы механика экенин кошумчалады.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу