Ташчайнар: “Генерал Конгантиев мага ыраазычылыгын айтайын деп издеп жаткандыр”

– Нурлан мырза, “Мурдагы ИИМ министри Молдомуса Конгантиев сизди издеп жатыптыр, сизден өч алганы жатыптыр” деп эле айрым маалымат каражаттары жазып жатышат, ушуга жооп берип коюңузчу?

– Мен эч жакка качпай эле Кыргызстанда, борбор калаа Бишкектемин. Кечээ эле Алайга барып, жолдон машинем бузулуп араң келдим. Молдомуса Конгантиевден эмнеге качмак элем. Ал киши мени издесе, мага ыраазычылык билдирейин деп издеп жаткан болушу керек. Анткени ал кишини мен 2010-жылы Таласта болгон митингде өлүмдөн алып калгам. Кыжырданган жаштар генералды мойнуна жип салып асып өлтүрөбүз деп жатканда, балдар бул кылганыңар болбойт, эгер бул киши өлсө анда түндүк-түштүк элинин ортосуна доо кетет, токготкула деп куткарып калгам. Ошондо Молдомуса Конгантиев мага ыраазы болуп, “Нурлан сага ыраазымын” – деген.

– Буга чейин кимдир бирөөлөр тарабынан эч кандай коркутуп-үркүтүүлөр болгон эмес беле?

– Мени ким коркутмак эле. Мен коркутса да коркпой турган кишимин да. 2010-жылы бирөөлөр коркутууга аракет жасашкан. Алардын ким экенин билген эмесмин жана корккон да эмесмин.

-Өнөрүңүздү таштаган жоксузбу?

– Өнөрүм өркүндөп жатат. Азыр өнөрүмдү окуучуларыма үйрөтүү менен алекмин. Буюрса окуучуларым жакынкы келе жаткан жылдан баштап өнөрлөрүн элге тартуулап башташат.

– Сиз тууралуу жалган маалымат тараткан маалымат булактарына эмне деп айтасыз?

– Редакторлорун баш кылып, журналист, кабарчыларын төш кылып туруп ышкырта сөгөйүн деп, редакцияларын таппай жатам. Таап калсам барам дагы ашата сөгөм.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу