Таштандыга салынган аялдын сүрөттөрү жарыяланды (сүрөт)

Кечээ, 27-август күнү Ош шаарынын Курманжан датка кичи районунда, Петров
кѳчѳсүндѳ, Ош мамлекеттик социалдык университетинин имаратынын түштүк тарабында
орун алган таштанды контейнеринен ичинен табылган 40-55 жаштагы аялдын жансыз
денеси табылган. Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн коомчулуктан жардам сурайт. Бул
тууралуу Замир Сыдыков билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер
башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы
бул кылмыштын бетин ачууда коомчулуктан жардам
кѳрсѳтүүнү суранып, коомчулукка кайрылат. Ѳзгѳчѳ,
массалык-маалымат каражаттарынын ѳкүлдѳрүнѳн
бул багытта багыттаманы коомчулукка жарыялап
жеткирүүгѳ ар тараптуу колдоону суранабыз. Кимде-
ким бул ѳзгѳчѳ оор кылмыш тууралуу маалыматы
болсо, тѳмѳнкү байланыш телефондору аркылуу
кабарлап коюшуңуздарды өтүнөт. Маалымат берген
адам тууралуу жашыруун сыр толук сакталышына
кепилдик берилет.
Байланыш телефондору 03222-2-46-78, 03222-2-10-06,0557-000001,
0557-79-96-99, 0558-15-00-88.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы
28-август, 2017-жыл. Байланыш телефону: 03222-2-36-35.

Булак:  FAKT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу