Ташиев чөп башылап коңгуроо какты…

«Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев 2010-жылдагы ыңкылаптын үмүтү акталбай жатканын айтып, бийликти ири реформаларга барууга чакырды. Эгер бийлик мындан баш тартса, аны элдин жардамы менен ишке ашыра турганын белгиледи. Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев иштей албай койгонун, аны тез арада отставкага кетирүү зарылдыгын айтып чыкты.

Мындан сырткары, мурдагы жана азыркы президенттердин саясий тиреши чоң жаңжалга алып баратканын, бул апаатты токтотуп калуу керектигин кошумчалап, Бабанов менен саясий тандеми бузулбаганын дагы кыстарып өттү. Айтор, чөп башылап маселе козгоп, бийликке «мен бар, унутуп калган жоксуңарбы» дегенди туюнтту…

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу