Тахмина: Жолдошум машинаны мага ойношунун акчасына алып бериптир

Учурда ар кандай себептер менен ажырашуулардын саны күндөн күнгө өсүүдө. Арасында узак убакыт сүйлөшүп, үйлөнүшүп дароо эле ажырашкандар, материалдык байлыктын жетишсиздигинен, бирин бири түшүнбөстүктөн ажырашкандар жана ойнош күтүп алып, үй-бүлөсүн таштап кеткендер дагы жок эмес. Төмөндөгү каарманыбыздын жолдошу дагы беш баласына карабай, башка келин менен жашап алган. Негизи эле үй-бүлө бузган жапжаш кыздар, аялдар көбөйдү, алар өздөрүн эле ойлогон сыяктуу…

-Силерден кеңеш күтөм, сүйүп турмуш курдук. Күйөөм жакшы 15 жыл болду. Эл катары бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарында жашап жүргөнбүз, бирок куйоом озгоруп баштады, ишинен кеч келмей болуп алды. Акыркы уч жыл кооп нерсе озгорду жер тамыбыз бар эле шаардан квартира алдык, балдарым менен кыйналасын деп машина алып берди. Иштеп атат балдарды багам деп туну куну деп журо бердим. Ал да мага мамилеси жакшы эч нерсе седирбейт, аялдык уй тиричилигим таза Ишим жакшы менден айып издевейт. Бирок озгоруу бар.Кудайым бизге 5 бала берди ыраазымын.Бир куну кокустан эле телефонунан сүйлөшүп атсам кат келди, ачып, окуп, билип калдым. Бир аял менен вотсаптан жазышкан смстерин окудум, анан эле күйөөм келип калды, айтсам «жок» деп мойнуна албайт. Бул нерсе катуу тийди күтпөгөн элем, акыры күйөөм менен урушуп журуп чындыкты билдим. Башка аял менен жашап алганын айтты. Мен чыдабай кетирип салдым, чыгып кетти. Ал аялга да чалдым кайра жүрөгүм андан да катуу ооруду. Ал аял мага күйөөм жазган смстерди жөнөттү, экөө түшкөн сүрөттөрдүн баарын жөнөттү. Андан да катуусу күйөөм мага үйдү да, машинаны да ошол аялдын акчасына алыптыр. Ишенбедим биринчи, бирок ал аял да атайы берген акчаларын квитанцияларын бекитип жүрчү экен баарын. Вотсап аркылуу баарын жөнөттү. Күйөөм балдарга кийим алам, продукт жок деп акча сурачу экен, ал аял да берип жүргөнүн билдим. Азыр аябай жаман болуп турган кезим. Күйөөм болсо ажырашпайм  дейт, балдарым меники деп. Эркектен конулум калды. Эмне дешти да билбейм. Балдарым менен кыйналып кеттим. Эч бир уйбуло бузулбасын. Кийинки тагдырым эмне болот Алладан. Ал аялды да күйөөмду да айыптай албайм. Ортодо балдарыма кыйын болду. Ал аялдын да баласы бар экен биринчи турмушунан, өзү көрүп, билип турат балага атасы керектигин.  Бирок менин беш баламы саргайтып, турмушубузду бузду. Кенешиниздерди күтөм рахмат.

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу