Таукел Муслим, актёр: «Сүйгөн кызым өзүмөн 11 жаш кичүү»

Көптөгөн кыздардын көңүлүн өзүнө бурган Таукел Муслим издеп жүргөн сүйүктүсүн тапты. Бойдок жигит өзүнөн 11 жаш кичүү кыз менен сүйлөшүп жүргөн экен. Бул тууралуу актердун өзү «Эл оозунда» программасында берген маегинде айтты.

«Сүйлөшүп жүргөн кызым бар. Өтө жакшы кыз, жактырам. Үйлөнүү күнү дагы белгисиз. Ал окуп жатат. Окуусун бүтүргөндөн кийин көрөбүз. Ушул бир-эки жылда үйлөнүп калышым мүмкүн. Жашы он сегизде. Менден он бир жаш кичүү. Бирок 18 жаштагы кыз деп айтпайсыз. Өмүргө деген көз карашы калыпташкан. Өзү салмактуу, көп сүйлөбөйт. Алгач көргөн кезде өзүмдүн эжемди көргөндөй болдум. Жөнөкөй үй-бүлөдөн. Мүнөзү менен табияты мага өзүмө туура келет»-дейт жаш жигит.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу