Таттыбүбү Турсунбаева киши колдуу болуп өлгөнбү?

«Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаева 1981-жылы 21-декабрда, жаркыраган жап-жаш 37 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Себебин ал кездеги расмий делген маалыматтарга таянсак актрисанын өлүмүнө туберкулёз менен ооруганы себеп болду болгон. Анткен менен эл арасында «Таттыбүбү көрө албастардын курмандыгы болуп калды» деген сыяктуу ар кандай имиш кептер айтылып калган, азыркыга чейин да айтылып келет.

Жакында эле улуу актрисанын өлгөн күнүндө жакындары куран түшүрүп, эскеришти. Жаралган жагдай, Таттыбүбү Турсунбаеванын жеңеси Жыпаргүл Турсунбаева атактуу актриса туберклездон эмес, өзүнүн айланасындагы көрө албастардын курмандыгы болгондугун билдирди. «Таттыбүбүнү өлтүрүшкөндөрү чындык. Ал канкорлор азыр ден соолукта, тирүү жүрүшөт. Алардын аттары баарына белгилүү. Элдер аларды ар бир кадам сайын жек көрүп турушат. Биз дайыма ушул позицияны карманып келебиз, алар белгилүү
болушкан соң, элдин аларга болгон жийиркенүүсү да жетишээрлик» деди. Бирок, «табышмактуу канкорлордун» аттарын атаган жок. Анткен менен «Ошол өлтүрүүгө катышы барлардын бири «эл артисти» акриса, экинчиси «эл артисти» ырчы, режиссёрдун аялы. Алар Таттыбүбүнүн жанында акыркы мүнөттөрдө болушкан, – деди ал.

«Чындыгында Таттүбүбү Турсунбаева өлтүрүлгөн, бул 1981-жылы декабрдын жыйырма биринде болгон. Аны адегенде ууландырышты, анан биринчи медициналык жардам дешип капельница коюшту. Андан соң атайылап көзөмөлсүз калтырып коюшат. Капельницанын ичиндеги нерсе агып түгөнгөн соң, венага аба кирип, Таттыбүбү аба эмболиясынан өлөт. Андан үч күн өткөн соң, аларга сатылган «чөө» медайымды да
өлтүрүп салышкан. Таттыбүбүнүн эки баласы, тиги медайымдын үч баласы болуп, беш бала жетим калды. Ошол каргашалуу күндөн он жыл өткөн соң, кылмышкерди жоопко тартууга кеч болуп калганда, соттук медициналык экспертиза ага баш мээсинде шишик бар деген диагноз чыгарып койду. Андай диагноз Таттыбүбүдө эч качан болгон эмес» деп кошумчалады, Жыпаргүл Турсунбаева.

Булак: «Айгай-пресс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу