«Таттыбүбү туберкулёз менен ооруган эмес, аны көрө албагандар өлтүрүп салышты»

Атактуу актрисанын тууганы Таттыбүбү оорудан өлдү деген маалыматты четке кагып, ошол кайгылуу окуянын чоо жайын айтып берди

Таттыбубу Турсунбаева эч качан туберкулёз менен ооруган эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артистинин, советтик театр жана кино актрисасынын агасынын аялы Жыпаргүл Турсунбаева билдирди.

— Интернетке ошондой маалымат тараткан адам бизден качып жүрөт, — деди Таттыбүбү Турсунбаеванын жеңеси. — Бирок ошол эле убакта ал маалыматты да өз каналынан алып койбойт. Биз жакында сотко арыз менен кайрылганы жатабыз. Башка жол жок. Таттыбүбүнү өлтүрүшкөндөрү чындык. Канкорлор ден соолукта, тирүү жүрүшөт. Алардын аттары баарына белгилүү. Элдер аларды ар бир кадам сайын жек көрүп турушат. Биз дайыма ушул позицияны карманып келебиз, алар белгилүү болушкан соң, элдин аларга болгон жийиркенүүсү да жетишээрлик. Алардын аттарын айтуунун деле кажети жок.

Ошону менен бирге ал аял Таттыбүбүн толугу менен айтып берди.

— Ал чындыгында өлтүрүлгөн, бул 1981-жылы бештин айынын жыйырма биринде болгон, — деп тактады Турсунбаева. — Аны адегенде ууландырышты, анан биринчи медициналык жардам дешип капельница коюшту. Андан соң атайылап көзөмөлсүз калтырып коюшат. Капельницанын ичиндеги нерсе агып түгөнгөн соң, венага аба кирип, Таттыбүбү аба эмболиясынан өлөт. Андан үч күн өткөн соң, аларга сатылган «чөө» медайымды да өлтүрүп салышкан. Таттыбүбүнүн эки баласы, тиги медайымдын үч баласы болуп, беш бала жетим калды. Ошол каргашалуу күндөн он жыл өткөн соң, кылмыш керди жоопко тартууга кеч болуп калганда, соттук медициналык экспертиза ага баш мээсинде шишик бар деген диагноз чыгарып койду. Андай диагноз Таттыбүбүдө эч качан болгон эмес. Баш мээнин шишиги деген ал алгачкы гана белги болгон, ал белгилүү гана бир фаторлорго мээнин болгон реакциясы болгон. Тактап айтканда, кандайдыр бир химиялык заттарга гана. Мына менин айтайын дегендерим.

Сөзүнүн аягында Жыпаргүл Турсунбаева атактуу актриса өзүнүн айланасындагы көрө албастардын курмандыгы болгондугун билдирди.

— Ошол өлтүрүүгө катышы барлардын бири «эл артисти» акриса, экинчиси «эл артисти» ырчы, режиссёрдун аялы. Алар Таттыбүбүнүн жанында акыркы мүнөттөрдө болушкан, — деди ал.

Расмий маалымат боюнча, Таттыбүбү Турсунбаева 1981-жылы бештин айынын жыйырма биринде туберкулёздон каза болгон. Бирок актрисанын жеңеси бул маалыматты четке кагат, аны толугу менен жалган, болбогон маалымат дейт.

Медина Купсулдаева

Булак: Vesti.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу