Таттуу уйкудан түбөлүккө тура албай калгандар эскерилет.

Бүгүн бир жыл мурда, 16-январда «Манас» аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ айылындагы учак кырсыгынан каза болгондорду жарандык активисттер, жергиликтүү жашоочулар эскерип, куран окушат.

Учак курмандыктарын эскерүү иш-чарасынын катышуучулары маркумдарга арналып тургузулган эстеликтин алдына гүл коюшат.

Былтыр Дача СУ кыштагына жүк ташыган учак кулаган. Андан жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч набыт болгон. Алгачкы маалыматтар боюнча, учак аэропортко май куюуу үчүн токтогону келе жатып кырсыктаганы маалымдалган.

Кечээ, 14-январда президент Сооронбай Жээнбеков учак кырсыгынан жакындарын жоготкон балдар менен жолугуп, белек тапшырды. Бирок, ким канчалык эмне гана жасабасын жакын адамдарды кайра таба албайсың. Жакындарынан айрылгандарга көңүл айтты.

13-январда кырсык болгон жерде эстелик ачылган.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу