Таттууга кумар болуунун себеби эмнеде?

Немис окумуштуулары кээ бир адамдардын эмне себептен таттуудан баш тарта албай тургандыктарынын себебин аныкташты. Эң негизги себеп– лептин аттуу гормондо экен.

Таттууну жакшы көргөндөрдүн мээси «курсак тойду» деп «айтуучу» бул гормондорго жооп бербей турганы көрүнөт. Тактап айтканда, канча таттуу жесе да мээ ал гормондорду «укпай» адам таттууну жеген сайын жей бергиси келет.

Адистер кээ бирөөлөрдүн таттууну, газдалган суусундуктар, чипсилерге кумар болушунун башкы себеби ушул деп жатышат. Ал эми бул «таттуу» тамактар организмге зыян келтирерин да билебиз. Ошондуктан адам өзүн-өзү токтото билгени жакшы.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу