Тар шым кийүүнүн зыяны…

Бүгүнкү америкалык брендге айналган джинсы шымдарын кийбеген адам аз чыгаар. Ал эми кыздар арасында модага айланган тар джинсы шымдардын зыян экенин дарыгерлер эскертип, бүгүнкү күндө да эскертип жатышат.

Жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасы боюнча, ар дайым тар шым кийип жүргөн адамдардын ден-соолуктарында оорунун бир нече түрү кездешкен экен. Алардын башы көп айланып, заара чыгаруу жолдору ооруларына чалдыгат. Вашингтондук дарыгер Карен Бойлдун айтуусу боюнча, тар тар шымдар неврит ооруларына, нервтин зыян тартуусу менен жамбаш тамырларынын алып келип согот.

Невритке чалдыккан адамдын жамбашында тешик пайда болуп, буту көп уюп кала берет. Дарыгерлер ошондуктан, жаш кыздардын тар джинсыдан көрө жумшак кездемеден тигилген шымдарды кийгени абзел деп кеңеш берип жатат.

Ошону менен катар, эркектерге да джинсынын тийгизген зыяны бар. Эгер тар джинсы шым кийсе, анда белден төмөн орун алган тамырлар кысылып, калыптуу жумуш иштөөсүн токтотуу мүмкүн. Ошондуктан, эркектерге да тар эмес, кенен шым кийүү керек. Джинсыдан эркектерге да кыздарга да арналган кенен тигилген турлөрү бар.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу