Тарых музейинен жоголгон баалуу таштар Атамбаевдин хансарайынан табылабы?

Тарых музейин реконструкциялоодо “артык кылабыз деп тыртык кылуу” болгону ачыкка чыга баштады. Мындай дегенибиздин себеби, аны оңдоо учурунда кымбат балуу мрамор жана гранит плиталар сыйрылып алынып, анын ордуна жасалма плиталар чапталганы белгилүү болду. Бул Тарых музейин куруу долбоору убагында Кыргыз ССРинин ошол кездеги жетекчиси Турдакун Усубалиевдин жеке демилгеси болгондуктан, архитекторлор тарых музейинин имаратын каптоого жана айланасына төшөгөнгө эң мыкты үлгүдөгү, эң кымбат мрамор жана гранит таштары колдонушкан экен. Эми ошол кымбат баалуу таштардын ордун жасалма плиталар ээлеп турат. Бул дагы эч нерсе эмес. Баарынан кызыгы ошол кымбат баалуу таштардын кайда кеткени белгисиз болуп жатканы кызык болуп турат.

Айрым маалыматтарга караганда ал мрамор жана гранит таштар ошол убактагы айрым таасирдүү саясатчылардын жеке турак-жайларын кооздоого жумшалып кеткен. Кайсы бир бөлүгү атайын таңгакталып туруп сатылган. Мына ушул тууралуу ЖК депутаты Эмилбек Токтошев “Азаттык” радиосуна курган маегинде мындай дейт: “Тарых музейинин сыртынан чыгарылган гранит жана мрамор таштар уурдалып, сатылып кеткен» деп угуп жатабыз. Анан биздин фракция музейди оңдоодогу коррупциялык иштерди карап, бул боюнча суроолорду жазып өкмөткө кат жөнөткөнбүз. Анда «Бул жерде кайсы компания иштеген? Келишимдин шарттары кандай болгон? Эмнеси бар, эмнеси жок?» деген сыяктуу суроолорго жооп алууну көздөгөнбүз. Бирок ал жактан жооп кечеңдеп, анан биз жайкы эс алууга чыгып кеттик. Эми сентябрь айынан баштап биз бул маселеге кайра кайрылып, музейден чыгарылган гранит, мрамор кайда жоголгонун, андагы эмеректердин баасын жана чыгымдардын сметасын талап кылып, өкмөттөн ошол музейди оңдоого байланыштуу бардык маалыматтарды сурайбыз. Музейдин сыртынан сыйрылган гранит менен мрамор эскирип, баасын жоготпойт.

Ал канча иштетсе да тура берет. Аны башка мамлекеттик же социалдык обңектилерге кайра колдонсок болмок. Андыктан бул боюнча ачык-айкын иликтөө жүрүшү керек”. Ырас эле, эгерде ошончолук эле Тарых музейинин ичи-тышына чапталган кымбат баалуу таштарды алмаштыргыбыз келсе, анда андан сыйрылып алынган таштарды башка мамлекеттик имараттарга колдонсок болбойт беле? Деги эле “Эртеңки күнү бул таштардын да эсеби болот, ага да жооп берип калышыбыз мүмкүн” деген бир жоопкерчилик болбогону өкүнүчтүү. Маалыматтарга караганда музейдин сыртын оңдоону жана анын айланасын көрктөндүрүү иштери Түркиянын кызматташтык жана өнүгүү башкармалыгына (ТИКА) жүктөлгөн, ал эми ичиндеги оңдоо иштери Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба агенттигине жүктөлгөн. ТИКА музейдин сыртындагы жана тепкичтериндеги кымбат баалуу таштардын канча бөлүгүн сыйрыганы да белгисиз. Бирок, ал өздөрү сыйрыган таштарды Архитектура жана курулуш агенттигине өткөрүп беришкенин маалымат булактарынын бирине билдиришкен эле.

Бирок, муну Архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчилиги четке кагып, “Биз музейдин ичин оңдоого гана жоопкерчилик алганбыз, андыктан анын сыртынан сыйрылып алынган таштарга биз жооп бербейбиз” деп чыкты. “Музейдин сыртындагы, тепкичтердеги жана анын айланасындагы гранит, мрамор таштар үчүн ТИКА жана мэрия жооптуу. Биз болсо музейдин ичин реконструкциялоо үчүн жооп беребиз. Анткени башында эле ТИКА деген уюм музейдин сыртынан ишти баштап, бирок бүткөрө албагандыктан сырткы бөлүк жана музейдин айланасындагы иштер анын карамагына калтырылып, биз болсо музейдин ичиндеги иштерге кирип кеткенбиз. Ага биздин Архитектура жана курулуш агенттиги киришкен эмес. Ошондуктан биз музейдин ичинен чыгарылган мрамор жана гранит плиталар үчүн гана жооптуу болуп, анын баарын топтоп, коюп койгонбуз.

Ошондуктан сыртынан чыгарылган гранит менен мрамор таштарды мэриядан жана ТИКАнын өзүнөн сураш керек”, — дейт бул жаатта Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев “Азаттыкка” курган маегинде. Ал эми Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Тарых музейин оңдоо иштерине таптакыр тиешелери жок экенин билдирип, жоопкерчиликти кайра толугу менен Архитектура жана курулуш агенттигине түртө салууда. Айтор, эми бул кымбат баалуу таштардын жоголушуна коомчулук катуу көңүл буруп калды. Андыктан анын изин сөзсүз табууга туура келет. Балким, тиешелүү органдар тиешелүү деңгээлде иликтөө жасаса, ал кымбат баалуу таштардын бир бөлүгү АШАнын Кой-Таштагы хансарайынын короосунан чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу буга чейин маалымат булактары жазып чыгышкан. Балким, ошондон кийин аны кайра сыйрып коюулары да мүмкүн. Эмнеси болсо да, кымбат баалуу таштарды толугу менен таап, коомчулукка отчет берүү керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу