«Тарыхый качуу» же коркунучтуу кылмышкерлердин тирүүлөй кармалбай жок кылынганынын чындыгы.

Газетабыздын өткөн сандарынын биринде ички кызматтын отставкадагы полковниги, ЖАМКынын (жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы) штабынын мурдагы начальниги ИСАЕВ Эрнст Исаевич менен болгон маек жарыяланып, анда айтылуу мыйзамдагы ууру Батукаев, анын камактан мыйзамсыз бошотулушу, ага катышы барлар, тилектеш болгондор тууралуу кеңири маалымат берген элек. “Түрмөлөр да коомубуздун күзгүсү” деп, полковник өзү айткандай, өлкөбүздүн түрмөлөрүндөгү акыбал да мамлекеттеги коррупциянын деңгээли менен тыгыз байланышта экендигин эч ким тана албастыр. Төмөндө кабарчыбыздын 2015-жылдын 11-октябрында эң бекем деп эсептелген 50-тергөө изоляторунан анда отурган өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин жана тергөөдөгүлөрдүн топтошуп качуусу, анын акыбети тууралуу полковник Э. Исаев менен болгон маекти жарыяламакчыбыз.

-Мырза полковник, алгач биз алдыда сөз кыла турган 50-СИЗО тууралуу окурмандарга маалымат бере кетсеңиз?

— 50-СИЗО салыштырмалуу түрдө айтканда жазаларды аткаруу тармагындагы соңку талаптарды эске алуу менен курулган өзгөчө маанилүү, стратегиялык обьектилердин эң жаңысы болууга тийиш эле. Ал Ысык-Ата районундагы Төмөнкү Нооруз айлынын чет жакасында жайгашкан мекеме болгон. Анын өзгөчөлүгү –теоретикалык жагынан алганда — ​киши качып чыга албай турган бекемдигинде жана анда кармалган контингенттин башка кылмышкерлерден кескин айырмасында болгон. Дубалдары бекем, бийик болуп, кайтаруу тармагы терең ойлонулуп ишке ашырылган. Неге дегенде, бул жерде уюшкан кылмыштуу топтордун (УКТ) анабашчылары, мүчөлөрү, эл аралык террористтик, экстремисттик уюмдардын өкүлдөрү жана өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалган.

— Ага карабастан, Кыргызстандын түрмөлөр тармагындагы эң чуулгандуу качуу ушул түрмөдөн ишке ашырылып жатпайбы?

— Ооба, кептин баары кишинин эсин оодарган тири шумдуктуудай качуу дал мына ушул мекемеде жүз бергендигинде болуп жатат. Бир чети, мындай алып караганда, бул жерде мынчалык шойкумдуу качууга жол берилбеш керек эле. Бул абакты куруу демилгеси тээ Акаев доорунда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү зарылчылыгынан улам пайда болгон кампаниянын учурунда көтөрүлбөдү беле. Анын үстүнө бул мекеменин аймагында уюлдук байланышты өчүрүүнү камсыз кылган техникалык жаңылык да Кыргызстанда биринчи болуп ишке киригизилип отурса. Ага карабастан, 2015-жылдын 11-октябрында жогорудагы “тарыхый качуу” ушул мекемеде жүз берген.

— Качан, канча киши жана кимдер качкан?

— 12-октябрга караган түнү 50-СИЗОдон 9 киши качып чыгышкан. Алардын 7өөсү өмүр бою эркинен ажыратылгандар болгон. Качкындардын 3өөсү “Жайшул Махди” жихадисттик-террористтик тобунун курамында кылмыш жасап, өмүр бою эркинен ажыратылгандар эле. Кылмышкерлер качууну ишке ашыруу учурунда мекеменин 3 кызматкерин өлтүрүшүп, 1 кызматкер ооруканада каза болгон.

— “Жайшул-махдичилердин” аттарын билүүгө болобу?

— Кантип болбосун: Эдил Абдрахманов, Бакыт Кенжегулов жана Данияр Кадыралиев дегендер өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм кылынган. Калган 6оосу түрдүү мөөнөттөргө эркинен ажыратууга кесилгендер жана тергөөдөгүлөр болгон.

— Камакта сиз айткан жихадисттик топтун жетекчиси да болгонбу?

— Болгон эмес. Кыргызстандагы “Жайшул Махди” террористтик тобунун башчысы — ​амири Советбек Исламов деген 2011-жылдын январь айында Бишкекте ишке ашырылган атайын операциянын учурунда жок кылынган. Бул топ Бишкекте уюшулуп, алдына Кыргызстандагы алдыңкы илим-билимге негизделген коомду жок кылып, өлкө аймагында халифаттык түзүлүштү орнотуу максатын койгон.

Октябрь райондук соту экстремисттик бул топтун Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында кеминде 10 террористтик актыны жасашкандыгын далилденген деп тапкан. Анын ичинде 3 милиция кызматкерин, 1 УКМК кызматкерин өлтүрүүүнүн учурлары да бар.

— Кайтаруу тартиби сиз айткандай катаал мекемеден кылмышкерлер кантип качып чыга алышкан? Эмне себеп болгон?

— Кадимки кызматтык шалаакылык, айрым жетекчилердин чыккынчылыгы — ​бүтүндөй Кыргызстанды ооздуктаган коррупциянын кесепети деп айтаар элем. Айтсак, мекеменин жетекчилиги өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди бир камерада отурууга жол коюшкан. Мисалы, өлкөдө массалык иш-чаралар учурунда бир катар терактыларды ишке ашырууну пландаштырышкан топтордун биринин мүчөсү Абдрахманов менен депутат Кадыралиевди өлтүрүүдө айыпталып, эркинен ажыратылган жана жаза мөөнөтүн өтөп чыккан соң, УКМКанын күчтөрү тарабынан өткөрүлгөн контртеррористтик иш-чаранын учурунда кайрадан кармалган исламчы Итигуловду бир камерага камашкан. Натыйжада, жихадист исламчыны өз идеялары менен сугарып, берки аны мушташууга — ​киши өлтүрүүгө үйрөтүп дегендей…

— Ошол тарыхый качуу боюнча кандай чаралар көрүлдү?

— Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюча кылмыш иши козголуп, бир айдан соң 50-мекеменин жетекчиси Телтаев баш болгон катардагы кызматкерлер — ​2 кенже сержант камакка алынган. Качуу жөнүндө тийиштүү жерлерге маалымат түшөрү менен Чүй аймагы жана Бишкек шаары боюнча “Перехват”, “Сирена” деп аталган иш-чаралар жарыя кылынып, бардык күч катмарлары катышкан болуп көрбөгөндөй өлчөмдөгү издөөнүн алгачкы сааттарында качкындардын 5өөсү кармалган. 12 күнгө созулган дүрбөлөңдүү издөө иштеринин жүрүшүндө, официалдуу маалыматтарга караганда качкындардын калган 4өөсү куралдуу каршылык көрсөтүү учурунда жок кылынгын…

Эң “негизгиси” — ​кандуу качуу боюнча кенже сержанттар Камил Токтонбек уулу 4 жылга, Самат Жаныбек уулу 2 жылга Аламүдүн райондук соту тарабынан күчөтүлгөн режимдеги мекемеде жаза мөөнөттөрүн өтөөгө эркинен ажыратылган.

— СИЗОдогу режимдин, мыйзамдын сакталышына жетекчилик деген бар. Эмнеге жетекчи офицерлер эмес, сержанттар күнөөлүү деп табылып отурат?

— №50-абактан качууга эки катардагы кызматкердин айыптуу деп табылышы — ​мыйзамсыз жана моралдык жактан теңирден тескери көрүнүш. Кандуу качууга тиешеси бар Кыргыз өкмөтүнүн тийиштүү чиновниктери, генерал баш болгон бир нече полковник камакта отуруунун ордуна, эки күнөөсүз сержантты зынданга түртүшүп, жазадан кутулуп кетишти. ЖАМКынын төрагасы А. Мамыркуловго даярдалып жаткан качуу жөнүндө УКМКадан күн мурунтан маалымат түшкөндүгүнө карабастан, алдын алуу чаралары көрүлгөн эмес.

Жогорудагы эки сержантты “кылмыш иши” боюнча тергөө иши жана аны караган Аламүдүн райондук соту мыйзамсыз жүргүзүлгөн. Тергөө жана сот качууга ким көмөктөштү, эмне үчүн алдын алуу иштери жүргүзүлгөн эмес, ЖАМКынын жетекчилиги эмне үчүн шалаакылыкка жол койду, мекеменин режим кызматы кайда караган, бул жерде кармалгандар эмне үчүн кенен-кесири байланыш каражаттарын эч бир тоскоолдуксуз пайдаланып келишкен, эмне үчүн соттолгон өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер менен тергөөдөгүлөр бир камерада кармалган, эмне үчүн видеокөзөмөл өчүрүлгөн, эмне үчүн уюлдук телефондорго тоскоолдук кылуучу техникалык каражаттар иштеген эмес деген жана башка көптөгөн суроолорго жооп табууга аракеттенген эмес. Бул жерде акчалуу чыныгы айыптуулар четте калып, күнөөсүздөр камалып кетип отурат.

Райондук соттун өкүмүнүн негизинде Камил Токтонбек уулу көзөмөлдөө постун таштап кеткен деп айыпталып жатат. Иш жүзүндө ал, биринчиден, ошол сменада 1-кайтаруу постунун көзөмөлдөөчүсү болуп кызматта турган. Ошондуктан, режимдик корпустун ичин көзөмөлдөө анын милдетине кирген эмес. Экинчиден, ал талапка ылайык саат 21.00дөн 24.00гө чейин устав боюнча эс алууга укуктуу болчу. Кырсык мына ушул мезгилде болуп жатпайбы. Анткен менен, ал Т. Өмүрзаковдун сейилдөөчү камерада өлүп жаткандыгын байкап калып, өз убагында тревога көтөрбөгөндө, СИЗОдогулар тегиз качып жоголмок, өлүм алда канча көп болмок.

Ал эми эркинен ажыратылган Жаныбек уулу Саматка кайрыла турган болсок, ал ошол күнү кызматта да болгон эмес. Айтылган сөзгө караганда, ал киши жетишпегендиктен, Телтаевдин оозеки буйругу менен мекеменин сырт жагына кыдырып көзөмөлдөө үчүн дайындалган. Мунун өзү мыйзамга каршы келет. Себеби, сменага чыккан кызматкердин аты-жөнү суткалык ведомостко жазылып, инструктаж менен таанышкандыгы тууралуу кол коюп, андан соң гана кызматка киришүүгө тийиш болчу. Ал дагы Токтонбек уулу менен бир эле мезгилде кылмышты байкап калып, тревога көтөрүп, опербөлүктүн начальниги И. Самсалиевди үйүнөн чакырып келген. Соттун өкүмүндө Жаныбек уулу постту таштап кеткен деп айыпталып жатат. Постту таштап кеткен эмес. Ал ошол күнү болуп жаткан жаанга, суукка карабастан, кинолог катары өзүнө бекитилген итти жетелеп, мекеменин сыртын айланып, кайтарууга алып жүргөн. Постту таштап кеткен дегидей, ал эч бир постко бекитилген эмес.

Тергөөчү менен соттун логикасына таянсак — ​бул күнөөсүз эки сержант тигил жанкечтилер тарабынан өлтүрүлгөндө гана соттолмок эмес экен…

— Ошол мезгилде 50-мекеменин начальниги болуп турган Имаш Телтаевдин тагдыры эмне болду?

— Телтаев ошол топтолушуп качуу боюнча айыптуу деп табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартылып, эч бир зарылдыгы жок эле 1-тергөө абагына камалып, 2015-жылдын 20-ноябрында өлтүрүлгөн. Себеби, 30-мекемеден качуу болоордун алдынан Телтаев ЖАМКынын төрагасы Мамыркуловго СИЗОдогу кемчиликтерди четтетүү боюнча кат жүзүндө бир нече ирет кайрылган. Натыйжа чыккан эмес. Менимче, Телтаев тирүү турганда бул тууралуу тергөөдө жана сотто айтып бермек жана жогорудагы шордуу 2 сержант эмес, чыныгы күнөөкөрлөр жоопко тартылмак.

— Подполковник Телтаев 1-СИЗОдо асынып өлгөн деген официалдуу маалымат жүрөт го?..

— Бул официалдуу, чындыкка туура келбеген маалымат жогорку жетекчиликтин көчүгүн сактап калуу үчүн ойлоп табылган нерсе. Анын үстүнө 1-СИЗОдо 50-мекемеден качып, кайра колго түшүрүлгөн кылмышкерлер жаткан эле. Ошондуктан, кимдир-бирөөлөр Телтаевдин өлүмүнө кызыкдар болбосо, ал УКМКанын СИЗОсуна жабылууга тийиш эле.

— Анткен менен Телтаевдин өлүмү боюнча кимдир-бирөөлөр жооп бериш керек эле да?…

Аны өзүн-өзү асты деген официалдуу билдирүү чындыкка карама-каршы келет. Калп. Аны кимдир-бирөөлөрдүн кызыккандыгынан улам 1-СИЗОдо жаткан кылмышкерлер муунтуп өлтүрүшкөн. Кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан Телтаевдин баш коргоо чарасы катары үйүндө эле кармаш керек болчу. Же, СИЗОго жапкан соң, кылмышкерлердин колу жетпей турган, жабык камерада кармоо керек болчу. Аны атайылаганбы, айтор, эч кандай коопсуздук шарты жок медсанбөлүккө камашкандыктан, кылмышкерлерге оңой олжо болгон. Ал өлтүрүлбөгөндө, чыныгы күнөөлүүлөр камалаарында шек жок эле.

— Мындан улам, Телтаевдин өлүмүн өз көчүгүн жабуу үчүн генерал Мамыркулов уюштурган дегени турасызбы?

— Эми, аны бир Кудай өзү билет. Аны өлтүрүү сырттан кызыкдар адамдар тарабынан уюштурулуп, СИЗОнун ичиндеги “каралар” тарабынан ишке ашырылгандыгында шек жок. Анын 20-ноябрдын түнүндө киши колдуу болгондугу тууралуу оперативдүү маалыматтар бар.

Жогорудагы өлтүрүү боюнча конкреттүү далил жок болгондуктан, бул боюнча териштирүү жана тергөө иштерин жүргүзүп, күнөөлүү кызмат адамдарын жоопко тартуу өтүнүчү менен мен ошол кездеги Башпрокурор Саляновага кайрылсам, ал тийиштүү даражада көңүл бурган эмес. Телтаевдин өлүмүнө күнөөлүү деп, биринчи кезекте Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы ЖАМКынын төрагасы А. Мамыркулов жана анын орун басары О. Энтериевдин аттарын атагам. Өкүнүчтүү жери — ​негизги канкорлор жоопкерчиликке тартылбай, 1-тергөө абагынын башчысы Т. Байсейитов менен мекеменин опербөлүгүнүн начальниги М. Чокоев сот тарабынан күнөөлүү деп табылып, аларга 300 миң сомдон акчалай айып салынды.

Бул жерде дагы бир баса белгилеп кете турган нерсе — ​Телтаевди өлтүрүүнү уюштургандар кесиптешибиз деп, ага боор тартымыш болуп, аны СИЗОнун камерасына эмес, медсанбөлүктүн ичинде жайгашкан, эч кандай шарты жок фотолабораторияга камашкан. Түн бир оокумда СИЗОнун кызматкерлеринин бирөөсү башка камерада жаткан кылмышкерлерди акырын чыгарып, колдоруна аркан берип, Телтаевдин жаткан жерин көрсөтүп берген.

— Мырза полковник, 11-октябрдагы топтолушуп качууга, анын натыйжасында болгон 14 кишинин өлүмүнө сиз Кыргыз өкмөтүндөгү жооптуу чиновниктер да күнөөлүү деп айтып кеттиңиз эле…

— Ооба, алар да күнөөлүү деп айткам. Себеби, толук курулуп бүтпөгөн, атайын акт менен кабыл алынбаган, жетишерлик камсыз кылынбаган мекеменин пайдаланууга берилишинде өкмөт чиновниктери күнөөлүү. Экинчиден, жазаларды аткаруу мекемесинде 1 күндүк иш стажы жок, ага чейин КР коргоо министринин орун басары болуп иштеп келген ортосар генерал Мамыркуловду ЖАМКыга төрага кылып Премьер-министр Оторбаев дайындаган. Эң башкысы — ​Мамыркулов Кыргызстандын эмес, Казакстандын атуулу болуп, ал жактан аскер пенсиясын алып туруп, бизде коргоо министринин орун басарлыгынан ЖАМКыга төрага болуп мыйзамсыз дайындалып жатпайбы…

Маркум Телтаев тирүү кезинде жетекчи катары 50-СИЗОдогу материалдык-техникалык кемчиликтер, кызматкерлердин санынын жетишсиздиги сыяктуу жана башка топтошуп качууга түздөн-түз шарт түзгөн олуттуу кемчиликтер тууралуу Мамыркуловго далай жолу кат жүзүндө официалдуу кайрылгандыгына карабастан, генерал ага жетишерлик көңүл бурган эмес. Жумшартып айтканда Телтаевдин өлтүрүлүшү генерал Мамыркуловду түрмөдөн жана шермендечиликтен сактап калгандыгы талашсыз. Али да болсо кеч эмес: прокуратура органдары полковниктин өлтүрүлүшү боюнча Мамыркулов жок дегенде шалаакылыкка байланыштуу жоопкерчиликке тартылса болмок. Жашырганда не — ​Мамыркулов казак жараны болгондуктан, иштин кызыкчылыгын ойлогон деле эмес…

— Токтонбек уулу менен Жаныбек уулу соттун чечимине макулбу?

— Жок. Мисалы, Токтонбек уулу макул эместигин билдирип, апелляциялык арыз менен Чүй облсотуна кайрылган. Бирок, кимдир-бирөөлөр тарабынан кысымга алынып, арызын кайра алган. Менин билишимче, Жаныбек уулу Самат апелляциялык мөөнөтүн өткөрүп жибергендиктен, кийинки инстанциядагы сотко кайрылабы, жокпу, билбейм.

Бул жерде айран ичкен кутулуп, челек жалаган тутулуп жатпайбы. Аламүдүн райондук сотунун жогорудагы эки катардагы кызматкерге чыгарган өкүмү мыйзамсыз. Себеби, прокуратура органдары аларды 316-берененин 2-, 3- бөлүгү боюнча туура эмес айыптап, сот арыдан-бери өкүм чыгара салып отурат.

Райондук сот жогорудагы трагедиялуу жагдайды кунт коюу менен үйрөнүп жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн терең талдап чыкпастан, чыныгы кылмышкерлер четте калып, күнөөсүз, катардагы, карапайым кызматкерлерди жоопкерчиликке тартып, коомдук пикирди алаксытып отурат. Иш жүзүндө эки сержант тең кызмат адамдары болуп эсептелбейт. Тергөөнүн жана сот жараянынын учурунда ошол окуя болгон күндө жумушта болгон кызматкерлердин, коогалаңга түздөн-түз аралашкан камактагылардын көрсөтмөлөрү четке кагылган. Мисалы, камакта жатып, качууга катышкан Уриновдун күбө катары берген көрсөтмөсүнө караганда Садыбакасов өлтүрүлөөрдөн бир нече мүнөт мурда кылмышкерлер жаткан камераларды ачып, аларды качырган. Кылмышкер Итигулов баш болгон 3 кылмышкер тигил контролёрду өлтүрүп, андан алынган ачкычтардын жардамы менен башка камераларды да ачышкан…

— 50-СИЗОдон топтошуп качкандардын кийинки тагдыры эмне болду?

— Алардын 3өөсү атайын операциялардын жүрүшүндө өлтүрүлдү. 3өөсү ЖАМКынын кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынып өлтүрүлдү. Албетте, коомчулукта качкындарды өлтүрбөй кармаса болбойт беле деген суроо, пикир пайда болду. Анткен менен, 7-кабаттан качкан кылмышкерлердин куралдуу каршылыгын шылтоолоп, өлтүрүп жок кылууга буйрук берилген болчу. Бир чети, мыйзам жолу менен караганда, аларды тирүү кармашса да болмок. Алар тирүү керек болчу. Көп нерселерди ашкерелөөгө жардамы тиймек.

…Сокулуктун Жаңы-Жер айлында бир кезде Кулов отурган өмүр бою эркинен ажыратылгандардын абагы бар. 50-СИЗО сыяктуу эле бул 19-абак да мамлекеттик кабыл алуудан өткөн эмес. Анысы аз келгенсип, аны курган негизги подрядчик “САСЭМ” ЖЧКсынын мүдүрү И. Юсупов бир эле мезгилде ЖАМКанын алдындагы ПМКанын жетекчиси болуу менен башка мамлекеттин жараны гана болбостон, курулуштун жүрүшүндө уурдоолорго жана көптөгөн мыйзамсыздыктарга жол коюп, пара менен кутулуп кеткендигин да айтпай коюуга болбойт. Юсупов ЖАМКынын курамындагы ПМКанын жетекчиси кызматына дайындалуу үчүн бул мамлекеттик кызматтын жетекчилигине 1 миллион сом пара да берген.

…Айткандын сөзү жаман болбой, ЖАМКынын бардык абактарына мамлекеттик деңгээлде көзөмөл уюштурулуп, текшерилип, талапты катуулатуу керек. Өлкөнүн жалпы акыбалынын күзгүсү болгон 50-СИЗОдогу кандуу окуялардан мамлекеттик деңгээлде сабак чыгарышыбыз керек… Өзүңөр эле ойлоп көргүлөчү — ​чыккынчылар менен аралашып иштеп жүрө берсек Кыргызстаныбыз оңолобу?!..

— Убакыт бөлүп, маек куруп бергениңизге рахмат!

Маектешкен Номанжан АРКАБАЕВ, милициянын отставкадагы полковниги

Булак: “Жаңы Ордо”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу