Танзаниялык миллиардерди уурдап кетишти

Танзаниялык миллиардер Мохаммед Девжини 11-октябрда белгисиз эки киши уурдап кетти. Ишкер таң эрте борбор Дар-эс-Саламдагы мейманкананын машыгуу залына келгенде күчтөп алып кетишкен. Бул учурда коштогон жансакчылары болгон эмес.

Шаардын комиссары Пол Маконда “кылмышкерлер адегенде асманга ок чыгарышкан” деди. Азырынча алар кимдер жана кандай талаптары бар экени белгисиз.

Девжи тиричилик товарларын чыгарган заводдордун башын кошкон MеTL Group компаниясынын негиздөөчүсү жана президенти. Ал ошондой эле айыл чарба, инфраструктура, энергетика тармагына инвестиция салган.

43 жаштагы ишкердин байлыгын “Форбс” журналы 1,5 млрд. доллар деп эсептеген. Девжи Танзаниядагы жалгыз, Африкадагы эң жаш миллиардер катары белгилүү.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу