Тандап жүрүп, тазга жолуктум…

Кызык… Мурда адамдардын ушундай окуяларын укканда, каадаланбай эле жашай бербейсиңби, сопсонун жолдошуң турганда башкалардыкына көз артпай деп кагып салчумун. Көрсө, анын баарын өз башыңа түшкөндө билет турбайсыңбы?!

Өзүм 1990-жылы туулгам. Тандаган тазга жолугат демекчи, жигиттен жигит тандап жүрүп, азыркы жолдошума тийдим. Ага турмушка чыгуу деле оюмда жок болчу. Апам кара далы болуп өтүп кетмей болдуң, канчалаган жакшы балдарды чандың, тийе берчи ушуга эле, тектүү жердин баласы, ата-энеси жакшы адамдар деп кулак-мээмди жей берип, акыры мейличи деп, апам айткан тектүү жердин баласына турмушка чыгууга макул болгом. Бирок, ата-энеси жакшы болгондун баарынын эле балдары да жакшы боло бербейт тура.

Түтүн булатканыбызга быйыл эки жыл болот. Эркектерге ашыкча тилим тийип койгонбу, айтор, жолдошум кызтекедей эзилген, чечкинсиз, досторунун тилинен чыга албай, өзүнчө ой жүгүртүүсү жок неме болуп чыкты. Тапкан акчасын да көчөдөгү дос сыяктууларына таратып, кайра өзү бир тыйынсыз калып жүрө берет. Башында өзүм иштеп үй оокаттарына жеткиликтүү акча таап турганда анчалык деле билинчү эмес. Кийин кош бойлуу болуп, төрөгөн соң кызым менен үйдө отуруп калдым. Азыр кызым 4 айлык. Төрөт учурунда ооруканага бергенге акчабыз жок, бир туугандарыма жалдырап жатып, баарын ошолор көтөрүп, эки сыйра наристенин кийимдерине чейин алып беришкен. Кайын журтум жакшы кишилер болгону менен, алардын өз турмушу өзүнчө, тапкандары өздөрүнөн артпайт. Кыздуу болгонун дагы деле аңдап биле элек жолдошум, баягы бойдон, достору менен көңүл ачып, акчасын чачкандан башканы билбейт. Үйдө нансыз отурам дей бергенден тажадым. Баламды каратып өзүм иштейин десем ага да макул болбойт. Жада калса, кээде баягы досторунун сөзүнө кирип, жөнү жок эле чуу чыгарып, көл көтөрмөй адатын кылып калат.

Кыскасы, акыркы күндөрдө ажырашуудан башка нерсе оюма келбей калды. Кызым жаш, кимдин көзүн карайт элем дегеним менен, күйөөмдүн кылыктары жанды жеп барат. Кыздарга барып, каалаганда үйдө келип, каалаганда жок болгонуна көз жумганым менен, кызым экөөбүздү ачка калтырып, анан эле өзүнчө эркексинип кол көтөргөндөрүнө чыдай албайм.

Ансыз да ойлонуп, кыйналып жүрүп, турмушка узаткан апамды дагы кошумча кыйнагым келбейт. Көйгөйлөрүмдү айтып даттана берип бир туугандарымдын да жанын жеп бүттүм окшойт. Түшүнөм, алардын деле өзүнчө бүлөсү бар. Ушинтип арманымды айтар адам таппай, сайттар менен сырдашам деп ойлобоптурмун. Балким, окурмандардан мени түшүнгөн, жакшы ой-пикир билдирип, кеңешин берчүлөр чыгар.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу