Тамирлан Козубаев Малайзия клубуна өттү

Кыргызстан улуттук курама командасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев Малайзия Суперлигасында ойногон “PKNS” клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу малайзиялык клубдун Фейсбуктагы расмий баракчасы жарыя кылды.

24 жаштагы Тамирлан Козубаев өткөн жылкы сезондо “Дордой” клубунда ойногон. Өлкө чемпиону менен келишим аяктаган соң, карьерасын Малайзияда өткөрүүнү чечкен.

Малайзия чемпионатында 12 команда бар. Быйылкы сезон февраль айында башталат. “PKNS” 1-февралда “Теренггану” клубу менен конокто беттешет.

Булак: Калыс Медиа 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу