Тамеки чегүү арыктоого жардам берет деген чынбы?

Республикалык наркология борборунун жашы жетелектерге медико-психологиялык жардам берүү борборунун адиси Лариса Иванова Bilesinbi.kg’нин окурманынын суроосуна жооп берди.

Саламатсызбы! Мен 16 жаштамын. Эки классташ кызым тамеки чегишчү. Байкасам аларга дагы 4 кыз кошулуп алыптыр. Ден соолукка зыян экенин айтсам, «биз арыктайлы деп жатабыз», — деп жооп беришти. 

Кымбаттуум, тамеки гана эмес, алкоголдук ичимдиктер да арыктатат. Себеби психоактивдүү заттарга (никотин, этанол) көз каранды болгон адамдар үчүн тамактануудан мурун, зыяндуу заттардын дозасын алуу маанилүү.

Адамдын зат алмашуу процесси пайдалуу заттардан турат. Тамеки тарта баштагандан кийин, мисалы, С витамининин ордун никотин ээлеп, организм С витаминин кабыл албай, никотинге эле көз каранды болуп калат. Жыйынтыгында, чылым чеккен адам нормалдуу азыктардан баш тартып, арыктап, өмүр бою психоактивдүү заттарды колдонууга мажбур болот.

Арыктоонун бир гана формуласы бар — спорт, туура тамактануу!

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу