Тамактын тузу ачуу болсо…

Тамактын тузун бышты деген кезде кошкон туура. Анткени кайнабаган шорпоңуздун же башка тамактын тузу кайнагандан кийин өзгөрүшү мүмкүн.

Ал эми эгер тузду өтө көп кошуп, тамакты иче албагандай кылып койсоңуз, бир аз нерсени өзгөртсө болот.

Эттен жасалган тамагыңызга туз көп кошуп алсаңыз, гарнирине тузу жок ундан жасалган азыктар (вермишель, макарон, кесме) колдонуңуз. Курдакка салынган эттин тузу көп болуп кетсе, картошка салгандан кийин туз себүүнүн кереги жок, кортошканын өзү тузду сиңирип алат.

Балыктан жасап жаткан тамактын тузу өтүп кетсе, тузун кайра азайтуу кыйын болот. Эттин тузун азайткандай балыкка да ундан жасалган кесмелерди, тузсуз картошка пюресин, чөп чар кошулган каймак кошуп бериңиз.

Шорпого, суюк тамакка тузду көп өлчөмдө кошуп койсоңуз, кесме, картошка, күрүч кошуп азайтууга болот. Шорпого кичине ун сепсеңиз да болот, бирок көп эмес. Антпесе шорпоңуз коюуланып кетет.

Шорпонун тузун байкоо үчүн бетиндеги майын сыйрып, астынкы жагындагы шорпосунан алыңыз. Анткени майга туз сиңбегендиктен татымы анык билинбейт.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу