Талас эли: «Атамбаев сүйлөгөн сөзү үчүн кечирим сурасын»

Кечээ, 22-октябрда Өмүрбек Бабанов Таластын эли менен жолугушту. Ал аталган облустун төрт районун кыдырып, элдин шайлоодон кийинки маанайы менен таанышты.

Бабанов менен бирге депутат Кенжебек Бокоев жана жергиликтүү аксакалдар да бар. Бабанов барган жеринде «Алмазбек Аамбаевдин «Абыке, Көбөштүн тукумдары» деген сөзүнө эмнеге жооп бербедин?» деген суроого кабылды.

Талас эли жолугушууда Атамбаедин бул сөзү үчүн элден кечирим сурашы керектигин, ошондой эле, эгер кечирим сурабаса сотко берүү керектигин да айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу