ТАЛАПКЕРЛЕР КӨП, ТАК БИРӨӨ… ЭКИ СҮЙЛӨГӨН ХАН БОЛБОЙТ…

Кыргызда “ооздон жаңылган турбайт” дешип, сөзгө, айтылган убадага олуттуу маани берилген. Журт башы болчулар сүйлөгөн сөзүнө карата бааланып, дарамет-деңгээли, кайрат-көрөңгөсү бычылган. Демек эки тизгин, бир чылбырга ээ болуп эл башкарам дегендер, оозумдун жели коромок беле деген жеңил ойлуулук менен ойду-тоону сүйлөөдөн алыс болушу керек. Тилекке каршы, учурда биздин аткаминерлер мындай сапаттардан караманча кур жалак калган.

Мына президенттик так көзүнөн учуп, күздөгү аламанга даярдык көрүп жаткандардын көч башында турган “Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов сөзүнөн катуу жаңылды. Алсак, өткөн жуманын этегинде Өмүрбек Бабанов парламенттик жыйында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековду кызматтан кетсин деген демилге менен чыгып, “Республика – Ата-Журт” фракциясынын күн тартибине киргизүүнү талап кылган чечимин көрсөтүп, маселени 5 күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде кароо зарылдыгын баса белгилеп катуу бакылдады. Уккан-көргөндөр Бабановдун батылдыгын баалашып, тайманбастыгына тан берди.

БИРОК ЭКИ КҮН ӨТПӨЙ АЙТКАН ТАЛАПТАРЫНАН БАШ ТАРТЫП, “БИЗ ЭЧ КАНДАЙ ОТСТАВКА МАСЕЛЕСИН КӨТӨРГӨН ЭМЕСПИЗ” – ДЕП КАРА ЖАНЫН ЖЕП ТАНЫП ЧЫКТЫ. УККАН-КӨРГӨНДӨРДҮН ЭЭСИ ООДУ. КАРАПАЙЫМ КАЛК БАБАНОВГО ЭМЕС, ӨЗДӨРҮНҮН КӨРГӨН КӨЗДӨРҮ МЕНЕН УККАН КУЛАКТАРЫНА ИШЕНБЕЙ ДЕЛДЕЙИШТИ. ЫРАСЫНДА, БУЛ ХАН БОЛЧУ АДАМ ЖАСАЧУ ЖОРУК ЭМЕС БОЛЧУ. ЭЛИБИЗДЕ “ХАНДЫН СӨЗҮ ЭКИ БОЛБОЙТ” ДЕГЕН НАКЫЛДЫ ЭСКЕ АЛСАК, ДЕМЕК ЭКИ СҮЙЛӨГӨН ЖУРТ БАШКАРА АЛБАЙТ. СЕБЕП ДЕГЕНДЕ БҮГҮН БИРДИ, ЭРТЕҢ БАШКАНЫ АЙТКАН ОЙТ БЕРМЕ, ЧЕЧКИНСИЗ, СУУ ЖҮРӨК САПАТ ЖОЛ БАШЧЫГА ЖАРАШПАЙТ. ДҮЙНӨНҮ ДҮҢГҮРӨТКӨН ЧЫНГЫЗХАН: “БАШТАДЫҢБЫ КОРКПО, КОРКОСУҢБУ БАШТАБА” – ДЕП БЕКЕР АЙТПАСА КЕРЕК. МЫНДАЙ ТАШКА ТАМГА БАСКАНДАЙ НАСААТ БАБАНОВГО ОКШОГОН ТУРУКСУЗДАР ҮЧҮН АЙТЫЛГАНДАЙ.

Арийне, Өмүрбек Бабановдун ойт берме, коркок мүнөзүн мындан бир нече жыл мурун эле Өмүрбек Текебаев “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасында эчак эле бетине айтыптыр. Башкача айтканда, эки Өмүрбек катышкан ошол берүүдө, Текебаев – даңазалуу кол башчы Александр Македонскийдин аскерлеринин арасында өзүнө аты уйкаш Александр деген коркок, суу жүрөк жоокер болуптур. Бир күнү аны Александр Македонский чакырып алып, “коркоктугуңду ташта же атыңды өзгөрт, болбосо башкалар сени мени менен чаташтарып жатышат” – деп айтыптыр – деп тарыхтан мисал тартып, Бабановду какшык аралаш мыскылга алган экен. Бирок рухий көрөңгөсү тайыз, моралдык жактан “шал”, “айтылган сөз атылган ок” болоорун түшүнбөгөн Бабанов бүгүнкү күнгө чейин андагы Текебаевдин шакаба чеккен шылдыңынан сабак албаптыр.

СЫЯГЫ, “СӨЗҮҢ ӨЛГӨНЧӨ, ӨЗҮҢ ӨЛ”, “ЖИГИТТИ НАМЫС, КОЁНДУ КАМЫШ ӨЛТҮРӨТ” ДЕГЕН СЫЯКТУУ АДАМДЫ ӨЗҮН-ӨЗҮ СЫЙЛООГО ТАРБИЯЛАГАН ПРИНЦИП ӨМҮРБЕК МЫРЗАДА КАРАМАНЧА ЖОК ОКШОЙТ. БОЛБОСО БҮГҮН БИРДИ, ЭРТЕСИ БАШКАНЫ АЙТЫП, ӨЗ СӨЗҮН ӨЗҮ ТАНЫП “ШЕРМЕНДЕСИ ЧЫКМАК ЭМЕС. ӨЗҮН СЫЙЛАЙ АЛБАГАН, ӨЗГӨНҮ СЫЙЛАЙ АЛБАЙТ. ӨЗ СӨЗҮН ЧАНГАН, ЭЧ КАЧАН АЙТКАН УБАДАСЫНЫН ӨТӨӨСҮНӨ ЧЫКПАЙТ. ДЕМЕК БАБАНОВГО ПРЕЗИДЕНТ БОЛУП, ЭЛ БАШКАРЧУ КАСИЕТ ЖАРАТКАНДАН ЫРООЛОНГОН ЭМЕС. АНТКЕНИ ӨЗҮН БАШКАРА АЛБАГАН АДАМ ӨЛКӨНҮ КАНТИП БАШКАРАТ?

Ырас, саясатта туруксуздар арбын. Бирок андайлар алыс барбайт. Өлкө башкарчу деңгээлге өсүп жетпейт. Себеби ар дайым беттеген багытынан тайып ойт берип кетип, улам кийинки бийликтин кабак-кашын карап өз алдынча саясат жүргүзө албай, колу-буту жипсиз тушалып жалтаңдай берет. Муну Бабановдун таржымалы тастыктап турат. Эски эки бийликтин тушунда депутат, 1-вице премьер болду. Бирок мамлекеттик ишмер катары жарк деп суурулуп чыкпастан, Аскар Акаевдин бийлигинин учурунда Айдар Акаев менен, Курманбек Бакиевдин доорунда Максим Бакиев менен көз ымдашып, түтөп-быкшып, кызыл кулактык менен байлык топтоо аракетин көрдү.

БАЙЛЫК, АКЧА БОЛСО БААРЫН ЖАСАСА БОЛОТ, БОЛБОЙ КАЛДЫ ДЕГЕНДЕ АКЧАГА САТЫП АЛАСЫҢ ДЕГЕН ТҮШҮНҮК АҢ-СЕЗИМИНЕ СИҢИП КАЛГАН. АКЧАҢ БОЛСО БААРЫ БОЛОТ ДЕГЕНГЕ 2010-ЖЫЛЫ БИЙЛИК АЛМАШКАНДАН КИЙИН “РЕСПУБЛИКА” ПАРТИЯСЫН ТҮПТӨП ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ПАРТИЯ ЛИДЕРИ КАТАРЫ БАШ БАККАНДАН КИЙИН КАТУУ ЫНАНЫП КАЛДЫ. 2015-ЖЫЛКЫ ШАЙЛООДО ДА АКЧАНЫН КҮЧҮНӨ САЛЫП, ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕН ОРУН АЛДЫ. МЫНДАН УЛАМ, БЕРГЕН УБАДАГА ТУРУУ, АЙТКАН СӨЗГӨ ЖООП БЕРҮҮ СЫЯКТУУ КЫРГЫЗДЫН ЭЗЕЛТЕДЕН КЕЛЕ ЖАТКАН ЖАЗЫЛБАГАН, КӨКҮРӨКТӨ УЯЛАГАН РУХИЙ-МОРАЛДЫК ЧЕН ӨЛЧӨМ МЕНЕН БААЛАНГАН ЖИГИТТИК ПРИНЦИПТЕРГЕ ӨМҮРБЕК МЫРЗА ПАЙДАНЫ КӨЗДӨГӨН КЫЗЫК КУЛАКТЫК КӨЗ КАРАШТЫН ЧЕНИНДЕ КАРАП, МАТЕРИАЛДЫК АЛКАКТА МАМИЛЕ ЖАСАП КАЛГАН. ОШОЛ СЕБЕПТЕН, АЙТКАН СӨЗҮН ӨЗҮ ТАНЫП, ЭКИ АЧА БИЛДИРҮҮ ЖАСАГАНДАН ТАРТЫНГАН ДА, УЯЛГАН ДА ЖОК.

Чын-чынына келгенде азыркы тапта акча, байлык чоң роль ойноорун көрүп-билип жатабыз. Акчанын күчү менен акты кара, караны ак кылып көрсөткөн учурулар арбын кездешет. Бирок бардык нерсе акчага байланбасын да эстен чыгарбай жүрүшүбүз абзел. Акчанын күчүнө салсам да президент болом деген дымагы бар Бабанов башаламан билдирүүлөрү менен баркына балта чаап алды. “Сөз оозуңдан чыкканча сенин кулуң, оозуңдан чыккандан кийин сен сөздүн кулусуң” деген накыл кеп жөн жеринен айтылбаган чыгаар. Эми эл ичинде Бабановдун дарегине “айткан сөзүңөн танбайсыңбы, убадаңдан баш тартпайсыңбы” деген өңдүү тамаша-чыны аралаш азил-шакаба айтыла берет. Анткени ишеничтен кетти. Ишенимдин өксүгүн акча менен толтуруу мүмкүн эмес.

ДАЛ УШУЛ ӨҢҮТТӨН АЛГАНДА БАБАНОВ “ООЗУНАН ЖАҢЫЛГАН ТУРБАЙТ” ДЕГЕНДЕЙ, ӨТӨ ООР СОККУ АЛДЫ. “ЧАБАЛ ӨРДӨК ЭРТЕ УЧАТ” БОЛУП ЭЛДЕН БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ АТ САЛЫШААРЫН БИЛДИРИП, “АЖО БОЛЧУЛАРДЫН КҮРӨӨСҮ 500 МИЛЛИОН СОМ БОЛУШ КЕРЕК, АНТПЕСЕ АР КИМ ЭЛЕ ПРЕЗИДЕНТ БОЛОМ ДЕП ДҮЙНӨГӨ УЯТ БОЛОБУЗ”, – ДЕП БАКЫЛДАП ЖАТКАН ДЫМАГЫ СУУ СЕПКЕНДЕЙ ЖАЛП ЭТТИ. УШУЛ ЖЕРДЕН БЕЛГИЛЕЙ КЕТЧҮ ЖАГДАЙ, 500 МИЛЛИОН СОМДУ АЙТЫП ЖАТКАН БАБАНОВ, БААРЫН АКЧА АРКЫЛУУ ӨЛЧӨӨРҮН АЙГИНЕЛЕП КОЙДУ. АНТКЕНИ БУЛ ЭРГУЛДУН ЛОГИКАСЫНА ТАЯНСАК, ОШОНДО ӨЛКӨНҮ АКЧАЛУУ СООДАГЕР КЫЗЫЛ КУЛАКТАР БАШКАРЫШ КЕРЕК БОЛУП КАЛАТ. ӨКҮНТКӨНҮ БИЗДЕ ДАЛ УШУЛ КӨРҮНҮШ КАПТАП КЕТТИ. БАБАНОВДУН 500 МИЛЛИОН СОМ ЧАКЫРЫГЫ “МАМЛЕКЕТТИ СООДАГЕРЛЕР БАШКАРЫП КАЛГАНДА, ИЛИМ-БИЛИМДҮҮ, ИНТЕЛЛЕКТУАЛДУУ МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕРЛЕР МЕНЕН ОКУМУШТУУ ААЛЫМДАР ЧИЛДЕЙ ТАРАЙТ” ДЕГЕН ЗАМАНДЫН СИМВОЛУ ЖЫТТАНАТ…

Өкмөт башчысы менен Жогорку Кеңештин төрагасын кызматтан кет дей коём деп бийликтин басымына чыдабай, айткан талабынан баш тартып, өзүнүн сөзүн өзү жокко чыгарып, жан айласын таппай калган кескелдириктей куйругун шарт кесип жиберди. Анан ушундай эки сүйлөгөн суу жүрөк адам президент болуп калса, кантип коңшу өлкөнүн жетекчилери менен тең ата сүйлөшүп, көйгөй чечет. Кокус өлкө башына өз көлөкөсүнөн өзү чочуган Бабановго окшогон бирөө келип калса, Тажикстан менен Өзбекстан өлкөлөрү менен болгон дагы деле чечиле элек талаштуу жерлер коңшуларга өтүп кетпейт деп ким кепилдик бере алат?.. Коңшу өлкөнүн жетекчилерине бирди айтып, кыргыз элине башканы айтып бултаңдап турса, дал ошондо шорубуз шорподой катпайбы?..

АЗЫРКЫ ТАПТА БАБАНОВ РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА ШТАБДАРДЫ АЧЫП, ПРЕЗИДЕНТТИККЕ КАТУУ КАМЫЛГА КӨРҮП ЖАТАТ. ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕГИ “РЕСПУБЛИКА – АТА-ЖУРТ” ФРАКЦИЯСЫНЫН 5-6 ЭЛЕ ООЗ АЧЫП СҮЙЛӨГӨН ДЕПУТАТТАРЫ ПЛЕНАРДЫК ЖЫЙЫНГА КАТЫШПАСА, КӨПЧҮЛҮГҮ РЕГИОНДОРДО ФРАКЦИЯ ЛИДЕРИНИН ТАПШЫРМАСЫН АТКАРЫП ШАЙЛООНУН ШАРАПАТЫ МЕНЕН АЛЕК. КАЛП АЙТКАН МЕНЕН БОЛОБУ, УЧУРДА ӨМҮРБЕК БАБАНОВДО КАПЧЫК МАСЕЛЕСИНДЕ КӨЙГӨЙ ЖОК. АДАМДЫК РЕСУРС ДА КАНААТТАНДЫРААРЛЫК. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРГЕ БОЛГОН ШАЙЛООДО БАРДЫК ШААРЛАРДА “РЕСПУБЛИКА – АТА-ЖУРТ” ПАРТИЯСЫ МАНДАТ АЛУУГА ЖЕТИШТИ.

Эми президенттикке бир кадам калды деп алакан ушалап турганы чагы. Бирок деген маселе бар… Туруксуз, ойт берме, коркок, жалтаң, сук… Кыргызда болсо “сукту тойгузуп болбойт”, “кайраты жокту катын алат” деген кеп бар… Ошондо байлык кууп башка өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошкон (Россиянын Пенза облусуна 370 миллион долларга цемент завод салган, ошону Таласка салса болот эле го элди ойлосо) өз керт башынын кызыкчылыгын көздөгөндөрдүн акчасына карап шайлайбызбы же кайраты менен ынсабына карайбызбы? Кыргызстандын кызыкчылыгын бербеген кашкөй, интеллектуалдуу деңгээли бийик, эл алган, иш билги көсөм чыгар бекен?

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

Булак:Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу