Талапкерлерди «таза кандуулугун» текшерүүгө ДНК тесттен өтүү сунушталды

Президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин көрсөтүп жаткандарды ДНК-тесттен өткөрүү сунушталууда. Мындай сунушту жергиликтүү K-Newsмаалымат агенттиги көтөрүп чыккан. Ага “Ата-Журт” партиясынын курултайында саясатчы Азимбек Бекназаровдун лидерлер Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевге кайрылып, “Экөөнүн тең тага журту, ата журту, кайын-журту таза кыргыздар”, — деп айтканы себеп болгон. Бекназаров “Азаттык” радиосуна бул сунушту комментерийлеп жатып:

— Кыргыз катары жан дүйнөмдөгү өксүктү айтып жатам. Мен башка бир улутту же анын өкүлүн басмырлаган жокмун. ДНК менен кыргызды аныкташ кыйын болсо керек. Таза кыргыздар мындай болот деген шкала жок да. Ошондуктан мейли, башка улут болсун бирок кыргыз үчүн, Кыргызстан үчүн күйүшү керек да. Мен 26 жылда андайды көрбөй жатам.

“Ата-Журт” партиясынын өкүлү Шаирбек Маматокторов таза кыргыз экенин аныктай турган лаборатория жоктугун, бул мүмкүн эмес экенин айтты.

«Ата-Журт» партиясы 18-июлдагы курултайында Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевди президенттикке талапкер катары расмий көрсөткөн.

УКМК Бекназаровдун курултайда сүйлөгөн сөзү филологиялык-саясий экспертизадан өтөрүн жана ага юридикалык баа берилерин айткан. (КЕ)

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу