Талапкерлердин бири алдамчылык менен 2 жолу соттолгон

Президенттикке талапкерлердин бири алдамчылык беренеси менен эки жолу соттолгон.
Бул тууралуу БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова бүгүнкү маалымат жыйында
айтты.
Анын айтымында мындай талапкер өзүнүн моралдык
жоопкерчилигин сезиши керек.
“Ооба, бизде мыйзамдар либералдуу жана эл аралык
деңгээлге жооп берет. Мен чет өлкөлүк эксперттердин
пикирин уксам, соттолгон киши президенттикке ат
салышкандыгы акылга сыйбас нерсе”, – деди
Шайлдабекова.
Шайлдабекова 59 талапкердин 13ү кылмыш иши
козголгондор, же мурда соттолгон жарандар. БШК
тийиштүү органдарга официалдуу кайрылгандыгын,
алар чечим чыгарышы керектигин айтты.
Азырынча БШКдан расмий катталган бир эле талапкер бар, ал Темир Сариев.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу