Талант Мамытов, “Республика – Ата-Журт” факциясынан ЖК депутаты: “Прокуратура системасында иштеген адам киши колдуу болгону таң калычтуу”

– Талант мырза, соңку кездерде прокуратура кызматкерлерине байланышкан эки жагымсыз окуя болду. Бир облустун прокурорунун орун басары өзүн-өзү асып алса, дагы бир облустун прокурорун атып кетишти. Мурдагы прокуратура кызматкери катары сиз бул окуяларга кандай баа бересиз?

– Чындыгында эле жагымсыз окуя болду. Прокуратура – бул мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн орган. Бизге таңкалычтуусу- прокуратура системасында иштеген адам киши колдуу болуп каза тапканы. Бул иш боюнча кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлүшү керек. Кылмыш кандай жагдайда болгонун тактамайынча бирдеке айтыш кыйын. Бул ишке тергөө чекит коёт деп ойлойм.

– Шектүү катары кармалган жарандын туугандары “жалгыз эле Мелис Калыков эмес, маркум менен кошо аң уулоого чыгышкан прокуратура кызматерлери да жооп берүүгө тийиш” деген маселе коюшту. Кандай деп ойлойсуз, алар да жооп бериши керекпи?

– Жаза адамдын оюна, аракетине карата болот. Мисалы, бир киши тоого чыкты дейли. Жакшы ой мен чыгып, эс алып, кайра келди. Бирок, кандайдыр бир жагымсыз окуя болуп кетсе, анын кандай тиешеси бар? Күнөөсү далилденген учурда гана жоопкерчиликке тартылат. Ал эми калган учурда тартылбайт. Ошону тергөө органдары иликтеп, ар кимдин аракетине баа бериши керек. Бүгүнкү күндө чыныгы жагдай кандай болгондугу так белгилүү болбой жатпайбы. Ошондуктан, бул окуяны биз укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде көзөмөлгө алдык. Аныкталып чыккандан кийин гана кандайдыр бир маселе коё алабыз.

– Интернет булактарда «алар менен кошо жергиликтүү арак заводунун өкүлү да болгон, ал көп өлчөмдөгү спирт ичимдиктерин алып келип, аңчылыкка чыккандардын ар бири 0,7 литрден ичкилик ичишкен» деген сыяктуу маалыматтар да тарап кетти. Кандай дейсиз, мыйзамдуулукту көзөмөлдөөгө тийиш болгон кишилер өздөрү ушундай «үлгү» көрсөткөндөрү туурабы?

– Колумда так документ болбогондон кийин «мындай эле, андай эле» деп айтыш кыйын. Тергөөнүн жыйынтыгын күтүп туралы. Документтер чыксын. Алар сөзсүз биздин комитетке келип маалымат беришет. Ошондон кийин өз пикиримди айтайын.

Маектешкен: Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу